Жаш футболчулар мелдештен куру кол кайтышты

© Фото / пресс-служба ФФКР Жаш футболчулар курама комнадасы. (U-19). Архив
Жаш футболчулар курама комнадасы. (U-19). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгачкы эки оюнда кыргызстандык команда Катар жана Оман футболчуларынан ири эсеп менен утулуп калган.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-19) Катарда үчүнчү ирет жеңилип, ошону менен 2016-жылы Бахрейнде өтө турган Азия чемпионатынын тандоо турунан чыгып калды. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.

Кыргызстан — Австралия оюнун көрө албай калган майып балага федерация билет берди
Алгачкы эки оюнда кыргызстандык команда Катар жана Оман футболчуларынан 7:1 жана 4:1 эсеби менен утулган. Акыркы беттешүүдө 20 жашка чейинки футболчулар ливандык атаандаштарына 4:1 эсеби менен оюнду алдырып койду. Мында жападан жалгыз голду дарбазага Жанбото Ырысбек уулу киргизген.

Тайпанын жеңүүчүсү болуп омандык футболчуларды утуп алган Катар командасы аталды. Ал эми Кыргызстандын командасы бул тайпада бир да упай топтой албай, мекенине куру кол кайтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0