Тажикстандын машыктыруучусу: КР командасы бир топ чыңалды

© Sputnik / Табылды КадырбековТажикстандын улуттук командасынын башкы машыктыруучусу Мубин Эргашев.
Тажикстандын улуттук командасынын башкы машыктыруучусу Мубин Эргашев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажик командасынын насаатчысы Кыргызстан быйылкы жыл ичинде өз курамын 7-8 жаңы оюнчу менен толуктаганын белгиледи.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы былтыркыга караганда бир топ чыңалып, курамын толуктаганын маалымат жыйында Тажикстандын улуттук командасынын башкы машыктыруучусу Мубин Эргашев билдирди.

Кыргыз жана тажик командаларынын беттешүүсү Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында 8-октябрь күнү кечки саат сегизде Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Тажик командасынын башкы машыктыруучусунун айтымында, бул жылы кыргыз командасы чет жерде ойногон кыргызстандык 7-8 оюнчу менен толукталды.

"Кыргызстандык команда оюнчуларынын баары бирдей деңгээлде күчтүү болгону менен артыкчылыктуу. Анык бирөөнү атоо кыйын. Учурда бул футболчулар өткөн жылкы беттешүүдө ойногон командадан бир топ айырмаланып турат", — деди ал.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучу Александр Крестинин. - Sputnik Кыргызстан
Крестинин: биздин оюнчулар күүлүү-күчтүү, Тажикстан менен ойногонго даяр
Коңшу элдин машыктыруучусу стадиондогу талаанын сапаты менен канааттанганын билдирди. Анын божомолу боюнча, эгер тажик командасы жеңишке жетсе, үчүнчү орунга көтөрүлөт. Ал эми оюнда кыргызстандык команда утса, экинчи орунду ээлейт. Мында иорданиялыктар австралиялыктардан утулушу керек. 

Өз командасы тууралуу айткан Эргашев тажик футболчулар мелдешти кыргызстандык атаандаштарындай ийгилик менен баштабаганын белгиледи. 

"Биздин Бангладешке болгон сапарыбыз оңунан чыккан жок. Кыргызстандыктар Австралия менен беттешүүсүндө мыкты ойношту. Сиздердин оюнчулар менен ойноо бизге кыйын эле, анын үстүнө күйөрмандар да сиздер тарапта болот", — деди машыктыруучу.

Дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгү 2018-жылы Россияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0