Кыргызстандын курама командасы ак форма кийип ойнойт

© пресс-служба ФФКРОюнчулар форманы көрсөтүп жатышат.
Оюнчулар форманы көрсөтүп жатышат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда 2018-жылы болуучу Дүйнөлүк чемпионаттын квалификациялык раунддарынын алкагында болуп жаткан оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо эртең кечки саат сегизде башталат.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Тажикстандын курама командасы менен боло турган оюнда Кыргызстандын оюнчулары ак форма менен оюн талаасына чыга турганын КР Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Тажикстандын машыктыруучусу: КР командасы бир топ чыңалды
Эртең кечки саат 8.00дө Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Тажикстан курама командалары 2018-жылы болуучу Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раундунун алкагында беттешет. 

Шаршемби күнү Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын өкүлдөрүнүн жыйыны болду.

Анда эки мамлекеттин командалары өз формалары менен ойношу боюнча чечим кабыл алынган. Кыргыз футболчулары – ак, тажиктер – кызыл форма кийип ойношот.

Эгер Тажикстан жеңишти камсыз кылса, В тайпасында үчүнчү орунду ээлейт. Ал эми оюн ташы Кыргызстанга оосо, экинчи орунду камсыз кылат.

В тайпасынын лидери болуп Австралиянын курама командасы эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0