Кыргызстандык дзюдочулар Таиландда өтүп жаткан Азия чемпионатына катышууда

© Азамат ДжасыбаевКыргызстандык дзюдочулар. Архив
Кыргызстандык дзюдочулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дзюдо федерациясы спортчулардан жакшы ийгиликтерди күтүп жатканын, анткени буга чейин мыкты даярдыктан өтүп, көптөгөн мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп келишкенин белгилейт.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар командалары Азия чемпионаты өтө турган Бангкокко жөнөп кеткенин Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын катчысы Азамат Исабеков билдирди.

Анын айтымында, мелдеш Таиландда 8-12-октябрь күндөрү өтөт. Чемпионатка Кыргызстандын өспүрүм жана жаштар командаларынан 15 спортчу катышып жатат. Дзюдочулар башкы машыктыруучу Азамат Жасыбаев жана Сергей Кладновдун, ал эми кыздардын курама командасы Тахмина Назармухамедованын жетекчилиги алдында болушат.

"Спортчулар бүгүн таңда Бангкок шаарына жетишти. Федерация жакшы жыйынтыктарды күтүүдө, анткени, курам мыкты даярдыктан өтүп, улуттук турнирлерде байгелүү орундарды камсыздаган", — деди Исабеков.

Август айында улуттук курама команда Босния жана Герцеговинадагы Сараево шаарында өткөн кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатына катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0