Кыргызстандын курама командасынын даярдануусу. Архив

Кыргызстан Тажикстан беттешүүсү бүгүн Бишкекте өтөт

42
(жаңыланган 13:06 08.10.2015)
Эл аралык маалымат агенттиги жана Sputnik радиосу Бишкекте өтө турган оюндун тексттик трансляциясын жүргүзөт.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында өтүүчү Кыргызстан менен Тажикстандагы ортосундагы бешинчи оюн бүгүн болот.

Беттешүү кечки саат сегизде башталып, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. 

Башкы машыктыруучу Мубин Эргашевдин кол алдындагы Тажикстандын 22 оюнчудан турган курама командасы Бишкекке өткөн жекшемби күнү келген. Ал арада кыргызстандык футболчулардын машыгып жатканына он күндөн ашкан.

Төрт турдун натыйжасында Австралия тогуз упай менен ишенимдүү алдыда келе жатат. Экинчи орунда жети упай топтогон Иордания турат. Андан кийин төрт упай менен Кыргызстан жана бирден упай алган Тажикстан менен Бангладеш келе жатат.

Эл аралык маалымат агенттиги жана Sputnik радиосу Бишкекте өтө турган оюндун тексттик трансляциясын жүргүзөт.

42
Белгилер:
Кыргызстан, Тажикстан, футбол, чемпионат
Тема:
Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши (27)
Тема боюнча
Тажикстандын машыктыруучусу: КР командасы бир топ чыңалды
Крестинин: биздин оюнчулар күүлүү-күчтүү, Тажикстан менен ойногонго даяр
Көк бөрү боюнча мелдеш. Архив

Манас Ниязов баштаган 23 көк бөрүчү эл аралык даражадагы спортчу болушту

63
Эл аралык деңгээлдеги спорттук наам 23 улакчыга берилди. Алардын баары I, II, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчү болушкан.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Үч жолу өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчү болгон көк бөрүчүлөргө Кыргызстандын эл аралык даражадагы спорт чебери наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.

Жалпысынан 23 балбан билек улакчы наамга татыган.

"Кыргызстандын Бирдиктүү спорттук классификациясынын талаптары менен чегин аткаргандыгынын негизинде көк бөрү боюнча "Кыргыз Республикасынын Эл аралык класстагы спорт чебери" деген наамы менен I, II, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү сыйланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Тизме:

  • Марлис Койгелдиев
  • Урмат Шерипбеков
  • Жолдошбек Орозбаев
  • Урмат Раушан уулу
  • Тынычбек Алыбаев
  • Сейитбек Анарбек уулу
  • Чубак Нурманбет уулу
  • Манас Ниязов
  • Айбек Темирбаев
  • Кубаныч Султан уулу
  • Рустам Тыналиев
  • Эрлан Төлөбеков
  • Уланбек Насакеев
  • Азат Насыпбеков
  • Айбек Иманалиев
  • Нурбек Юсупов
  • Темир Молдакулов
  • Айбек Эсеналиев
  • Байыш Ниязов
  • Урмат Мусаев
  • Улан Кыбраев
  • Аскат Батырбек уулу
  • Белек Мукаев

Наам Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 144-Н буйругу менен ыйгарылды.

63
Белгилер:
Көк бөрү, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, наам, спорт
Тема боюнча
Айсулуу, Акжол баштаган чемпиондорго Таласта сый көрсөтүлдү. Сүрөттөр
Чүйдүн улакчылары көк бөрү боюнча республикалык мелдеште чемпион болушту
Сборные Кыргызстана и Бангладеша во время матча, в рамках Кубка трех наций, на стадионе имени Долона Омурзакова в Бишкеке. 07 сентября 2021 года

Кыргызстандын футболчулары Омандын командасынан утулуп калды

241
Мындан ары Кыргызстандын курамасы Азиянын жаштар кубогуна катышар-катышпасы Индия командасы менен болгон беттештен көз каранды.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) Азия кубогу 2022 мелдешине тандап алуу турунда Омандын футболчуларына 1:0 эсебинде утулуп калды.

Фуджейра эмирлигинде өткөн мелдеште Кыргызстандын дарбазасына гол акыркы мүнөттөрдө кирип кетти.

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы
© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союза
Эскерте кетсек, Кыргызстан тандоо этабында Е тайпасына Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ), Оман жана Индия командалары менен таймашат.

24-октябрда ата мекендик команда оюндар өтүп жаткан талаа ээси БАЭ командасын 2:1 эсебинде утуп алган.

Жаштар континенталдык биринчилигинин финалдык бөлүгүнө 11 команда — өз тайпаларынын жеңүүчүлөрү жана экинчи орунду ээлеген мыкты көрсөткүчү бар төрт команда чыгат.

Азия кубогу Өзбекстанда өтөт.

241
Белгилер:
Кыргызстан, футбол, Оман, Азия кубогу
Тема боюнча
Бишкектин "Дордой" футбол клубу Кыргызстандын чемпиону болду
Кыргызстан FIFA уюмунун жаңыланган рейтингинде эки сапка көтөрүлдү
Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев

Министр Казакбаев Иранды өлкө экономикасына инвестиция жасоого чакырды

0
(жаңыланган 10:34 28.10.2021)
Министр Ирандын элчиси менен туристтик байланыштарды өнүктүрүү, авиарейстерди көбөйтүү жана кийинки жылы бир катар иш-чараларды өткөрүүнү сүйлөштү.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаевге Ирандын элчиси Саид Харразини өлкөнүн ТИМинин атынан расмий чакыруу тапшырды. Бул тууралуу министрликтен кабарлады.

Жолугушууда тараптар кыргыз-иран мамилелерин жана кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын кеп кылышкан. Анда Бишкекте Ирандын соода үйүн жана Бандар-Аббас деңиз портунун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен Иран — Түркмөнстан — Өзбекстан — Кыргызстан жаңы темир жол коридорун ачууну талкуулашканы айтылды.

Туристтик байланыштарды өнүктүрүү, авиарейстерди көбөйтүү жана иран тараптын Кыргызстандын гидроэнергетикалык долбоорлорун ишке ашырууга катышуусун да сүйлөшүшкөн.

"Мындан сырткары, министр эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын алдында, тагыраагы, 2022-жылы Кыргызстан менен Иранда бир катар биргелешкен юбилейлик иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Эки тарап расмий сапарларга чыгып, Бишкекте кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясын 13-жыйынын өткөрүшөт", — деп жазылган маалыматта.

Министр Казакбаев Ирандын компанияларын Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына, анын ичинде Ысык-Көлдүн туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырган.

Жолугушуунун соңунда тараптар Афганистандагы кырдаал боюнча пикир алмашып, өлкөдө туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоого багытталган аракеттерди улантууга даяр экенин билдиришкен.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Иран, Руслан Казакбаев, министр, элчи, жолугушуу, экономика, инвестициялар