Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы даярданууда.

Онлайн репортаж: Кыргызстан менен Тажикстан командаларынын беттеши

365
(жаңыланган 09:40 09.10.2015)
2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстан курама командалары беттешүүдө.

Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүүдө.

Кыргызстандын оюнчулары ак форма кийип ойношсо, тажик оюнчулары кызыл форма кийишти. Оюндун жүрүшүнө Ирандан келген калыстар тобу калыстык кылууда.

Жаңы билдирүү
  • 22:34

    Онлайн репортаж аягына чыкты

    Урматтуу окурмандар ушуну менен онлайн репортажды аяктайбыз. Кызыктуу оюн көрсөткөн оюнчуларга ыраазычылык билдиребиз. КЫРГЫЗСТАН АЛГААА!

  • 22:32

    Крестинин: биринчи гол киргенде биздин оюнчулар эмнеге туруп калганын аныктайбыз. Эмнеге андай болгонун да талдайбыз. Бул футбол эмес эле бала бакча болуп калды.

  • 22:30

    Кыргызстандын башкы машыктыруучусу: оюнчулар биз машыккандай оюн көрсөтө алышкан жок. Эмнеге мындай болуп калганын талдайбыз. 

  • 22:03

    Кыргызстан менен Тажикстандын командалары 2:2 эсебинде тең чыкты

    Кыргызстан менен Тажикстан курама командаларынын беттеши 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Эми 13-октябрда КР курамасы Бангладештин командасы менен Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешет.

  • 22:01

    Тажик оюнчулары ирандык калыс менен талашууда. Оюн 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

  • 21:59

    ГО-ОООООЛ.

    2:2. Эсепти Землянухин теңеди.

  • 21:58

    Пенальти! Кыргызстандык оюнчулар айып тобун тебет. Күйөрмандар оюнчуларды колдоп жатат.

  • 21:55

    Негизги убакытка 4 мүнөт кошулду. Эми кыргызстандык оюнчулар чымырканып туруп оюнду теңеши керек.

  • 21:54

    Оюндун жүрүшүнө кыргызстандыктар үстөмдүк кылууда. Бирок, тажик оюнчулары коргонуусун күчөтүүдө. Алар эми болгон күчүн жумшап, эсепти теңеши керек. Бахтияр Дүйшөбековдун соккусу дарбазанын жанынан өттү.

  • 21:52

    Тажикстандын курама командасынын оюнчусу Эргешовдун ордуна Фаридун Шарипов чыкты. Кыргызстандык оюнчулардын эсепти теңдөөгө негизги убакыттан беш мүнөттөй эле убактысы калды. Калыстар кошумча убакыт берет болуш керек.

  • 21:49

    Тажик оюнчусу кайтадан жыгылды. Дарыгерлер оюн талаасына чуркап чыгышты. Аны носилкага салып алып чыгышты. Ал жактан медициналык жардам беришүүдө.

  • 21:47

    Бүгүнкү оюнга 17 600 күйөрман келгенин диктор билдирди.

  • 21:46

    Жарым коргоочу Илдар Амиров чабуулчу Виталий Люкстун ордуна чыкты. КР курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин бардык үч алмашууну ишке ашырды. Диктор күйөрмандарды оюнчуларды колдоп турууга чакырууда.

  • 21:43

    Тажик оюнчулары да алмашууда. Жарым коргоочу Парвижон Умарбдевдин ордуна Нозим Бабаджанов чыкты. Калыс футболчуну оюн талаасынан тезирээк чыгып, убакытты созбоого чакырды.

  • 21:41

    КР курама командасынын оюнчулары алмашууда. Курсанбек Шератовдун ордуна 15-номердеги  Шерзот Шакиров чыкты. Оюндун аякташына он мүнөттөн бир аз көбүрөөк убакыт калды.

  • 21:39

    КР курама командасынын оюнчулары арбитр менен талашып жатышат. Алардын ырасташынча пенальти топ колго тийип калгандан кийин болгон. Бирок калыс айып тобун тепкенге уруксат берди.

    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 21:37
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Диктор күйөрмандарды футболчуларды колдоого чакырууда. 

  • 21:35

    Оюн эсеби 1:2

    Тажикстандын командасы 1:2 эсеби менен алдыга. 3-номердеги Фарход Васиев пенальтиден гол киргизип, командасын алдыга алып чыкты.

  • 21:32

    Күйөрмандардын маанайы бир аз сууй түштү. Себеби, тажикстандык футболчу КР коргоочусу Тэго жерге кулап түшкөндө киргизип кетти. Голдун эсепке алынышына күйөрмандар нааразы. Оюндун аякташына жыйырма мүнөттөй убакыт калды.

  • 21:29

    Оюн эсеби 1:1. Тажикстандын 21-номердеги оюнчусу Жалилов гол киргизди.

  • 21:24

    Тажикстандын командасы  чукул чабуулга чыкты. Бирок, андан майнап чыккан жок. Тепкен топ өз оюнчусуна тийип калды.

  • 21:17

    КР курамасынын чабуулчусу Люкс каршылаш команданын дарбазасына чейин келди, бирок коргоочулар ага топ тепкенге мүмкүнчүлүк берген жок.

  • 21:15

    Оюндун экинчи бөлүгүндө тажик оюнчулары активдүүлүгүн көрсөтүп, чабуул жасоого аракеттерди көрүшүүдө.

  • 21:12

    Достор оюндун жүрүшүн http://sputnik.kg/video/20151008/1019117419.html шилтемеси аркылуу түз эфирден көрсөңүздөр болот. 

  • 21:10

    Кыргызстандык оюнчу Эдгар Бернхардтын ордуна 8-номердеги Азиз Сыдыков чыкты. Экинчи таймдагы кыргызстандык футболчулардын чабуулунан майнап чыккан жок.

  • 21:08
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Экинчи тайм башталды. Футболчулар оюн талаасына чыкты. Кыргызстандык оюнчулар ак форма кийсе, тажикстандыктар кызыл форма кийишкен.

    Гимн менен айгайлаган сүрөөн — кыргызстандык күйөрмандар оюн учурунда

    Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өткөн Кыргызстан менен Тажикстан командаларынын беттешүүсү тең эсеп менен аяктады. Стадионго 17 миң 600 адам чогулган. Жергиликтүү команданын күйөрмандары оюн бүткүчө кыргыз футболчуларын сүрөөнгө алып турушту.
    Дагы
  • 21:04

    Оюндун биринчи бөлүгүндө байкалгандай эки командага тең пасты туура жана так берүү жетишпейт. Жалпысынан алганда биринчи тайм кызыктуу өттү.

    Оюндун биринчи бөлүгү 1:0 эсебинде Кырызстандын пайдасына аяктады

    Оюндун жүрүшүндө кыргызстандык футболчулар өзүнүн активдүүлүгүн көрсөттү.
    Дагы
  • 21:01

    Кыргызстан курама командасынын талисманы Акшумкар трибунада отурган күйөрмандарды оюнчуларды сүрөөнгө алгыла деп үндөп жатат.

  • 20:59

    Стадиондун түндүк-чыгыш тарабындагы прожекторду калыбына келтиришти. Күйөрмандардын маанайы көтөрүңкү.

  • 20:51

    Оюндун биринчи бөлүмү соңуна чыкты. Эсеп 1:0. Кыргызстан алдыда.

  • 20:49

    Беттештин биринчи бөлүмүнө эки мүнөт кошулду. Оюн 1:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасында.

  • 20:47

    Стадиондун түндүк-чыгыш тарабындагы прожекторлордун бири иштебей калды. Стадиондогу күйөрмандардын сүрөөнүн көтөрө албай калды көрүнөт.

  • 20:42

    Трибунада "Falcons", "Эля жана Тэго силерге бакыт каалайбыз!" деген плакаттар турат. КР курама командасынын коргоочусу Дэниель Тэго ноябрь айында кыргызстандык Эльнура аттуу кызга үйлөнөт.

    болельщики на матче Кыргызстан — Таджикистан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 20:34

    Тажикстандык оюнчулардын чабуулунан майнап чыккан жок. Алардын тобун кыргызстандык футболчулар алдап алды. Виталий Люкс топту дарбазадан өйдө тепти. 

    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 20:32

    КР курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин оюн талаасындагы футболчуларга кыйкырып, кайсыл жакка туруу керектигин айтууда. Трибунадагы оюнчулардын маанайы жакшы. Алар оюнчуларды сүрөөнгө алышууда. Оюндун башталганына 29 мүнөт болду. Эсеп 1:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасында.

    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 20:28

    Антон Землянухин азаматсың. Эки коргоочуну алдап өтүп, оюнга болгон даярдыгы мыкты экенин көрсөттү.

    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    болельщики на матче Кыргызстан — Таджикистан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 20:26

    Антон Землянухин!!! Топту жакшы эле алдап баратты эле тажикстандык коргоочу аны оюн талаасынан чыгара тепти.

    Биринчи голдон кийин кыргызстандык күйөрмандардын маанайы көтөрүңкү.

  • 20:24

    Тажикстандык оюнчу Умарбдев айып тобун тебүүгө аракет кылды, бирок үлгүрбөй калды. Кыргызстандын курама командасынын коргоочусу Тэго керекке жарады.

  • 20:19

    Оюн кызыктуу болууда. Командалар даярдыктары жакшы экенин көрсөтүшүүдө. Оюн эсебин 8-мүнөттө Кыргызстан курама командасынын капитаны Азамат Байматов ачты. Азырынча оюн эсеби 1:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасында.

    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    болельщики на матче Кыргызстан — Таджикистан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 20:16

    Нуриддин Давроновдун ордуна коргоочу Сивойуш Ашроров кирди. Күйөрмандар стадиондо "толкун" жасап жатышат.

  • 20:13

    Тажикстандын оюнчусу Нуриддин Давронов оюнду уланта албай турган болуп калды. Анын ордуна башка оюнчу кирди.

  • 20:11

    Кыргызстан 1 нөл. Голду Бахтияр Дүйшөбеков киргизди.

    ГОООООЛ!!!!

     

  • 19:58

    Гимн менен айгайлаган сүрөөн — кыргызстандык күйөрмандар оюн учурунда

    Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өткөн Кыргызстан менен Тажикстан командаларынын беттешүүсү тең эсеп менен аяктады. Стадионго 17 миң 600 адам чогулган. Жергиликтүү команданын күйөрмандары оюн бүткүчө кыргыз футболчуларын сүрөөнгө алып турушту.
    Дагы

    Тажикстандын жарым коргоочусу Давронов Шератов менен кагыша кетип, оюн талаасында жатып калды. Ага медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

  • 19:56

    Күйөрмандар трибунадан "Кыргызстан, Кыргызстан!" деп кыйкырып жатат.  Оюн талаасына желектерди алып чыгышты.

  • 19:52

    Саналуу мүнөттөрдөн кийин футболчулар оюн талаасына чыгып, беттешет. Бизди кызыктуу оюн күтүп турат.

  • 19:48

    Футболчулар беттеш алдындагы машыгууларын аяктап, оюн талаасынан кетип жатат. Күйөрмандар аларды сүрөөнгө алып узатышууда.

  • 19:48

    Биринчи вице-пермьер-министр Тайырбек Сарпашев баштаган өкмөт мүчөлөрү VIP трубунада орун алды.  Премьер-министр Темир Сариев бүгүн Жалал-Абадга жумушчу иш сапары менен кеткен. Ал бул беттешти көргөнгө жетишпей калат сыяктуу.

  • 19:40

    Команданын баштапкы курамын диктор жарыялап жатат. Күйөрмандар оюнчулардын аттарын укканда кол чаап, коштоп атышат.

  • 19:40

    Кыргызстандын командасы  4-4-2 схемасы менен ойносо, тажикстандыктар 3-6-1 схемасы менен ойнойт.

  • 19:36
  • 19:29
    Футболисты сборной Кыргызстана разминаются перед матчем с Таджикистаном.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Футболисты сборной Кыргызстана разминаются перед матчем с Таджикистаном.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 19:29

    Сборная Кыргызстана сыграет по схеме 4-4-2. Таджикистанцы играют по схеме 3-6-1

  • 19:28

    Тажикстандын курама командасынын курамы

    1 Алишер Туйчиев – дарбазачы 

    3 Фарход Васиев

    6 Давронжон Эргашев

    8 Нуриддин Давронов 

    10 Хуршед Махмудов – капитан

    11 Джахонгир Джалилов

    17 Дильшот Васиев

    18 Фатуло Фатуллоев

    19 Ахмат Назаров

    20 Парвизжон Умарбдев

    21 Манучехр  Джалилов

     

    Запастагылар: 

    2 Далерджон Тухтасунов

    4 Манучехр Ахмедов

    5 Жахонгир Алиев

    7 Фаридун Шарипов

    12 Сийовуш Ашроров

    13 Курбонали Бабаев – дарбазачы

    14 Хасан Рустамов

    15 Нозим Бабаджанов

    16 Алишер Додов

    22 Камил Саидов

    23 Ахтам Хамракулов

    Машыктыруучу — Мубин Эргашев

  • 19:21

    Кыргызстандын командасынын баштапкы курамы

    1 Павел Матяш – дарбазачы

    4 Дениэл Тего 

    5 Курсанбек Шератов

    6 Виктор Майер

    7 Азамат Байматов – капитан

    10 Мирлан Мурзаев

    19 Виталий Люкс

    20 Бахтияр Дуйшобеков

    21 Фархат Мусабеков

    22 Антон Землянухин

    23 Эдгар Бернхардт

     

    Запастагылар: 

     

    2 Турсунали Рустамов

    3 Акрамжон Умаров

    8 Азиз Сыдыков

    9 Ислам Шамшиев

    11 Кайрат Жыргалбек уулу

    12 Руслан Амиров – голкипер

    13 Тамирлан Козубаев

    14 Павел Сидоренков

    15 Шерзот Шакиров 

    16 Валерий Кашуба – голкипер

    17 Илдар Амиров 

    18 Вадим Харченко

    Башкы машыктыруучу - Александр Крестинин

  • 19:17

    КР курама командасынын оюнчулары трибунанын кол чабуусу менен чыгууда. Алар күйөрмандарга ыраазычылыгын билдирип, жооп ирээтинде өздөрү да кол чабууда.

  • 19:15

    Пришли заранее, бардака нет, организаторы учли прежние ошибки, стадион выглядит прилично. Болеем за наших, верим в победу!

    Posted by Adilet Sultanaliev on 8 октября 2015 г.
  • 19:13

    Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион Кыргызстандын курамасын сүрөөнгө алып келген күйөрмандарга толду. Коомдук тартипти үч миңдей милиция кызматкери камсыз кылууда.

    Контроль билетов на входе в стадион в Бишкеке на матч Кыргызстан Таджикистан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 19:00

    Sputnik агенттиги оюндун жүрүшү менен сиздерди онлайн түрүндө кабардар кылып турат

    Бүгүнкү беттешке келгендердин саны көп. Маанайлары да жакшы.

    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
365
Белгилер:
Кыргызстан, Тажикстан, футбол, баштапкы курам
Тема:
Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши (27)