Мушкер Рыскелдиев Лос-Анжелесте WBU чемпиондугу үчүн ат салышат

© Фото / Kristin WallБоксердун кол байпагы. Архив
Боксердун кол байпагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер өзүнүн акыркы беттешүүсүн кубалык Усмани Абру менен өткөрүп, аны техникалык нокаут менен жеңип алган.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Урмат Рыскелдиев WBU (Дүйнөлүк бокс биримдиги) чемпиондугу үчүн рингге чыга турганын спортчунун менеджери Жаныш Осмон билдирди.

Мушкер Урмат Рыскелдиев АКШда кубалык Усмани Абру менен беттешет
69 килограммга чейинки салмак категориясындагы беттешүү 24-октбярда Лос-Анжелесте өтөт. Рыскелдиевдин атаандашы — ямайкалык мушкер Натаниэл Галимор.

Галимор ушул убакка чейин бир да жолу жеңилүүгө дуушар болгон эмес. Өзүнүн спорт карьерасында тогуз жолу жеңип, анын сегизин нокаут менен уткан. Рыскелдиев менен Галимордун беттешүүсү сегиз раундга чейин уланат.

Кыргызстандык мушкер үч жылдан бери АКШда жашап бокс менен машыгып келет. Рыскелдиевдин тизмесинде 16 беттешүү бар, анын 13ү жеңиш менен аяктаса (8 нокаут), эки жолкусунда утулуп, бирөөндө тең чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0