Кыргызстан — Бангладеш оюнун бахрейндик арбитр тескейт

© Sputnik / Табылды КадырбековТаджикистан оюнчусун караган арбитр. Архив
Таджикистан оюнчусун караган арбитр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттешүү 13-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстан — Бангладеш оюнун 42 жаштагы бахрейндик арбитр Джамиил Жума тескей турганын Футбол федерациясы билдирди.

2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун кезектеги беттешүүсү 13-октябрь күнү Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Буга чейин, 8-октябрь күнү кыргыз-тажик командалары кезигип, оюн 2:2 эсеби менен аяктаган.

Футбол көрүү учурунда күйөрмандар стадиондун 250 отургучун керектен чыгарган
Жума 2010-жылдан бери Дүйнөлүк футбол федерациясынын рефери категориясына ээ. Буга чейин ал 32 эл аралык оюндарды тейлеген.

Бишкекте ага анын мекендештери Абдулла Тулефат и Мухаммед Салман Мухаммед Джафар жардамчы болушат. Ал эми резервдик арбитрдын милдетин Махфуд Аммар Ибрагим Хасан аткарат.

Башкы арбитр 8-октбярда Душанбеде өткөн Таджикистан — Австралия оюнун тескеген. Анда жолушугуу австралиялыктардын пайдасына 3:0 эсеби менен аяктаган. 

"В" тайпасындагы параллелдин оюнда Иорданиянын командасы австралиялыктарды 2:0 эсеби менен утуп, 10 упай менен биринчиликке чыкты. Төрт оюндун жыйынтыгында Австралия командасы тогуз упай менен экинчи орунда. Кыргызстандын курама командасы беш упай менен үчүнчүлүгүн сактап келе жатат. Андан кийин эки упай топтогон Тажикстан жана акырында бир упай менен Бангладеш турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0