Крестинин: эки гол капысынан кирип кетти деген күлкү келтирет

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин. Архив
Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу оюнга көңүлү тойгонун баса белгиледи.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы капысынан эки голду киргизип кетти деп айтуу күлкү келтирерлик экенин Александр Крестинин беттеш аяктагандан кийинки маалымат жыйында билдирди.

Дүйнөлүк футболдун тандоо раунддарынын алкагында эки команда Бишкекте беттешти. Оюн 2:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктады.

Маалымат жыйында Бангладештин машыктыруучусу кыргызстандык футболчулар эки голду капысынан киргизип кетти деп билдирген эле.

"Мен оюндун жүрүшүнө жана анын жыйынтыгына канааттандым. Одоно ката кеткен жок, чыныгы оюнду көрсөтүштү. Оюндун жүрүшү бирдей болду деп айтканга болбойт. Бул күлкүнү келтирет. Биз аларды үйүндө да утканбыз", — деди ал.

Крестинин биринчи кезекте күйөрмандарга ыраазычылыгын билдирди.

"Крестинин Бангладештин оюнчулары тууралуу" аялдардын футболун да сыйлайм, бирок футболчулар оюн талаасында мынчалык жыгылбайт", — деген пикирин айтты.

"В" тайпасында 10 упай менен Иордания алдыда келе жатат. Учурда алар Тажикстан менен үйүндө ойноп жатат. Экинчи орунда 9 упай менен Австралия, үчүнчүдө 8 упай менен Кыргызстан турат. 2 упай менен Тажикстан төртүнчү болсо, 1 упай менен Бангладеш акыркы орунду ээледи.

Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык оюндары 2018-жылы Россияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0