"В" тайпасында Иорданиянын командасы 1-орунда, Кыргызстан 3-орунда

© пресс-служба ФФКРИордания Кыргызстан футбол беттешинде. Архив
Иордания Кыргызстан футбол беттешинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан эми бир айдан кийин Австралия менен Канберра шаарында ойнойт.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынын алкагында Иордания Тажикстанды утуп, "В" тайпасында ишенимдүү түрдө биринчи орунга чыкты.

Кыргызстан — Бангладеш оюну учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан — Бангладеш беттеши. Жеңиштин шаңы
Командалар кечээ Иорданиянын борбору Амманда ойноп, тажик оюнчуларын 3:0 эсебинде утуп алышкан. Ошондой эле, Кыргызстан менен Бангладештин курама командалары Бишкекте беттешип, оюн эсеби 2:0 эсебинде кыргызстандык оюнчулардын пайдасына аяктаган.

Беш оюндун жыйынтыгы менен Иордания 13 упай менен ишенимдүү түрдө биринчи орунда келе жатат. Экинчи орунда тогуз упай менен австралиялыктар келе жатса, Кыргызстан сегиз упай менен үчүнчү орунда. Төртүнчү орунду эки упай менен Тажикстандын командасы камсыздаса, болгону бир упай менен Бангладеш акыркы орунда.

Кыргызстан менен Австралиянын командалары 21-ноябрда Канберра шаарында беттешет.

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалдык оюндары 2018-жылы Россияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0