Австралия жана Иордания менен ойной турган КР командасынын курамы белгилүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан жана Австралия беттеши учурунда. Архив
Кыргызстан жана Австралия беттеши учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттешүүгө жакын калганда оюнга катыша турган 22-23 оюнчунун акыркы тизмеси даяр болот.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Австралия жана Иорданияга каршы ойной турган кыргызстандык футболчулардын кеңейтилген тизмесин жарыялады. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.

Австралиялыктар менен кыргызстандык команда 12-ноябрь күнү Канберра шаарында беттешет, ал эми 17-ноябрь күнү иорданиялыктарды Бишкекте кабыл алат. Оюн 2018-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өтөт.

Кеңейтилген тизме төмөнкүдөй болду:

Дарбазачылар: 

 

  • Павел Матяш ("Maziya Sports", Мальдив аралдары);
  • Валерий Кашуба ("Худжанд", Тажикистан);
  • Максим Агапов, ("Дордой");
  • Максим Зинченко ("Дордой");
  • Руслан Амиров ("Turanspor", Түркия).

 

Коргоочулар: 

 

  • Талант Самсалиев ("Дордой");
  • Дэниел Тэго, Шерзот Шакиров ("Дордой");
  • Курсан Шератов ("Дордой");
  • Азамат Байматов ("Sitra", Бахрейн);
  • Валерий Кичин ("Тюмень", Россия); 
  • Тамирлан Козубаев ("Гранитас", Литва);
  • Виктор Майер ("SV Meppen", Германия);
  • Акрам Умаров ("Абдыш-Ата");
  • Мустафа Юсупов ("Ала-Тоо").
  • Жарым коргоочулар: 
  • Эдгар Бернхард (FC "Prachuap", Тайланд);
  • Антон Землянухин ("Раднички" Ниш, Сербия);
  • Бахтияр Дүйшөбеков, ("Абдыш-Ата");
  • Фархат Мусабеков ("Абдыш-Ата");
  • Илдар Амиров ("Turanspor", Түркия);
  • Турсунали Рустамов, ("Алга");
  • Павел Сидоренко ("Алга");
  • Азиз Сыдыков, ("Дордой");
  • Кайрат Жыргалбек уулу, ("Дордой");
  • Вадим Харченко, ("Дордой");
  • Ислам Шамшиев, ("Дордой");
  • Авазбек Откеев, ("Дордой");
  • Динмухамед Таалайбеков, ("Дордой");
  • Эльхан Темирбаев ("Дордой");

 

Чабуулчулар: 

 

  • Виталий Люкс ("Нюрнберг-2", Германия); 
  • Алмаз Мирзалиев, ("Дордой");
  • Дэвид Тетте ("Дордой");
  • Мирлан Мурзаев ("Afjet Afyonspor", Түркия);
  • Иван Филатов ("Алга").

 

"В" тайпасында Иорданиянын командасы 1-орунда, Кыргызстан 3-орунда
Беттешүүгө жакын калганда оюнга катыша турган 22-23 оюнчунун акыркы тизмеси даяр болот.

Беш оюндун жыйынтыгы менен Иордания 13 упай менен ишенимдүү түрдө биринчи орунда келе жатат. Экинчи орунда тогуз упай менен австралиялыктар келе жатса, Кыргызстан сегиз упай менен үчүнчү орунда. Төртүнчү орунду эки упай менен Тажикстандын командасы камсыздаса, болгону бир упай менен Бангладеш акыркы орунда.

Жаңылыктар түрмөгү
0