БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Австралиянын футбол боюнча командасы Кыргызстан менен болчу беттешүүгө күчтүү курамын чыгара турганын Футбол федерациясы билдирди.
Оюн 2018-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында 12-ноябрь күнү Канберра шаарында өтөт.
Негизинен команданын курамына Англиянын "Кристал Пэлас" үчүн ойногон капитан Миле Единак жана Испаниянын "Валенсиясынын" желеги алдында ойногон дарбазачы Мэтт Райан кошулат.
"Биз кийинки эки оюнда Миле менен Мэттке ишеним артып турабыз. Экөө тең алган жарааттарынан айыгып, эмки жумадан баштап машыгууга киришет", — деген башкы машыктыруучу Анге Постекоглунун сөзүн Азия футбол конфедерациясынын сайты келтирет.
Беш оюндун жыйынтыгы менен Иордания 13 упай менен ишенимдүү түрдө биринчи орунда келе жатат. Экинчи орунда тогуз упай менен австралиялыктар келе жатат, анын запаста дагы бир оюну бар. Кыргызстан сегиз упай менен үчүнчү орунда. Төртүнчү орунду эки упай менен Тажикстандын командасы камсыздаса, болгону бир упай менен Бангладеш акыркы орунда.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Киев шаарында өтүп жаткан эл аралык турнирдин финалында украиналык Илона Прокопевнюкту 9:7 эсеби менен утуп, алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.
Кыздардын кармашын социалдык тармактагы спорттук баракчалар чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Биздин чемпион үчүн өтө мээнеттүү жеңиш болду", — деп жазылан спорттук баракчада.
Кыргызстандык балбан квалификациялык этапта Мариана Састинди (Венгрия), 1/8 финалда алжирлик Амэль Хаммичени 11:0 эсебинде утса, чейрек финалдагы атаандашы Наталья Кубатынын (Польша) далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган. Жарым финалда ал өзбекстандык спортчу Раяна Абдурасулованы 10:0 эсебинде техникалык артыкчылык менен жеңип алган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн белгилүү балбаны Жоламан Шаршенбеков Киевдеги эл аралык турнирдин финалында ирандык Алиреза Неджатиге 1:5 упай эсебинде утулуп, күмүш медаль тагынмай болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.
Балбандар 60 килограмм салмак ченде күч сынашты. Алардын кармашын социалдык тармактагы спорттук баракчалар чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Жеңишти камсыздоого бир нече эле секунд жетпей калды. Ал ыкманы кармашуу аяктагандан кийин жасап калды. Анын үстүнө Кыргызстандын чемпионатынан кийин дароо бул турнирге катышууга туура келди", — деп жазылган спорттук баракчада.Кыргызстандык балбан 1/16 финалда алжирлик Абдельжеббар Жеббарини утса, 1/8 финалда грузиялык Дато Чхартишвилини, чейрек финалда Иво Ангеловду (Болгария) жеңип алган. Ал эми жарым финалда украиналык Виктор Петрикти 12:4 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен уткан болчу.
Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеш кечээ башталган.
Жоламан Шаршенбеков Кыргызстан эгемендик алгандан бери дүйнө чемпионатынан (2018) күмүш медаль тагынган экинчи кыргызстандык. Биринчи жолкусун Канат Бегалиев (2006) алган.
Ал эми дүйнө чемпионатынан алтынды 2019-жылы Айсулуу Тыныбекова алганы белгилүү.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дем алуу көнүгүүсүн жасап бир мүнөттө уктап калса болорун Аризон университетинин (АКШ) интеграциялык медицина боюнча адиси Эндрю Вайлга таянып Daily Mirror жазды.
Адис сунуштаган ыкма "4–7–8" деп аталып, терең жана бирдей ыргакта дем алуу бир эле мүнөттүн ичинде уктап калууга жардам берет. Муну Индияда йога менен машыккандар колдонуп жүрөт.
"Түндө ойгонуп кеткенде дагы ушул көнүгүүнү жасап уктап калса болот", — деген Вейл.Мурун менен төрт секунд жай дем алып, аны жети секунд кармап, сегиз секундда демди чыгарып салуу керек. Муну уктап калгыча кайталоо зарыл. Бул дем алуу көнүгүүсү чыңалуудан арылууга да жардам берет. Адис ыкманы бир жасап таштап койбой кайталап туруу керектигин айткан.
Көнүгүү жасагандан тышкары уктаар алдында тамак, кофе ичпеш керек, ошондой эле гаджеттерди алысыраак коюу сунушталган.