Футбол боюнча КР курама командасынын оюнчулары 7-ноябрда Австралияга учат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан — Бангладеш беттеши. Архив
Кыргызстан — Бангладеш беттеши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын курама командасынын футболчулары 12-ноябрда Австралияга каршы ойнойт. Мелдеш Канберра шаарындагы борбордук стадиондо өтөт.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары Австралиянын командасы менен беттешүү үчүн машыгууларын өткөрүп жатат деп КР Футбол федерациясынан билдиришти.

Футбол федерациясы калыстардын мектеби ачылганын жарыялады
Кыргызстан менен Австралиянын командалары 12-ноябрда Канберра шаарында беттешет. Ал 2018-жылы боло турчу Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынын алкагында өтүп жатат.

Башкы машыктыруучу Александр Крестинин машыгууга 23 футболчуну тарткан. Команда эки режим менен машыгып жатат. Кыргызстандык оюнчулар бир гана австралиялыктар менен беттешпестен, 17-ноябрда Бишкекте Иорданиянын командасын кабыл алат.

Беш оюндун жыйынтыгы менен Иордания 13 упай менен ишенимдүү түрдө биринчи орунда келе жатат. Экинчи орунда тогуз упай менен австралиялыктар келе жатат, анын запаста дагы бир оюну бар. Кыргызстан сегиз упай менен үчүнчү орунда. Төртүнчү орунду эки упай менен Тажикстандын командасы камсыздаса, болгону бир упай менен Бангладеш акыркы орунда.

Жаңылыктар түрмөгү
0