КР футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде Казакстанды артка калтырды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан — Бангладеш футбол беттеши. Архив
Кыргызстан — Бангладеш футбол беттеши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Команда бир айдын ичинде Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 22 орунга жогорулаган. Октябрь айында кыргызстандык футболчулар эки расмий беттешүү өткөрүштү.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде Казакстанды артка калтырды. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Өткөн жылдагы рейтинг боюнча Кыргызстандын командасы 146-орунда турган.

Александр Крестининдин кол алдында машыккан команда 277 упай менен 124-орунду ээлеп, 22 пункт боюнча өйдө көтөрүлдү.

Футзал машыгуусу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Азия чемпионатына катышуу үчүн ат салышат
2018-жылы боло турчу Дүйнө чемпионатынын тандоо раунддарындагы Кыргызстандын каршылашы Австралия 60-орунда, Иорданиянын курама командасы бир нече жеңиштеринен кийин 82-орунду ээледи. Ал эми Тажикстан 160-орун болсо, Бангладеш 180-орунга ээ болду.

Айдын эң мыкты командасы болуп Чад мамлекетинин курама командасы табылды. Ал эми Судандын курама командасы 44 орун ылдый түшүп, 128-орунду камсыздады.

Бельгиянын курама командасы тарыхта алгачы жолу рейтингде биринчи орунду камсыздады. 

Октябрь айында Кыргызстандын командасы Бишкекте эки расмий матч өткөрдү. Тажикстан менен болгон беттеш 2:2 эсебинде аяктаса, Бангладешти 2:0 эсебинде утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0