Кыргызстандык студент таэквандо боюнча мелдештен алтын медаль менен кайтты

Жазылуу
Эки күнгө созулган чемпионат Казакстандын Ак-Төбө шаарында өтүп, ага 350дөн ашуун спортчулар катышты.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын 2-курсунун студенти Ноорузбек Абдигапаров Taekwon-Do ITF боюнча Казакстандын ачык чемпионатында биринчи орунга ээ болду. Бул тууралуу аталган окуу жай билдирди.

Чемпион Касымбеков: атаандашым сыяктуу эле ыйладым
Маалыматка ылайык, чемпионат Ак-Төбө шаарында 31-октябрдан 1-ноябрга чейин өттү. Ага Кыргызстан менен Казакстандын 350дөн ашуун спортчулары катышты. 

Абдигапаров 18 жаштан жогорку категорияда 58 килограммга чейинки салмак ченинде биринчиликти багындырган. 

Жалпы жонунан кыргызстандыктар 40 алтын, 11 коло жана алты күмүш медалга ээ болуп, командалык эсеп менен алдыңкы катарда болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0