Экономика министри маморгандардын спартакиадасында мыкты күлүк аталды

© пресс-служба ГАФКиС КРМаморгандардын спартакиадасы алдында.
Маморгандардын спартакиадасы алдында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин кызматкерлери жеңил атлетика боюнча байгелүү орундарга ээ болушту. 35 жаштан жогорку курактагы аялдар арасында министрликтин статс-катчысы Айдай Курманова күлүк экенин айгинеледи.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Экономика министри Арзыбек Кожошев 45 жаштан жогорку эркектердин арасында 100 метрге суркоо боюнча биринчи орунду ээлегенин аталган министрлик билдирди.

Мини футбол оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик кызматкерлер спорттун 12 түрү боюнча күч сынашат
Жыл сайын болуучу спартакиада Бишкектин спорт базаларында күндөрү өтүүдө. Бул жолкусу 4-9-ноябрь күндөрү өтүп жатат.

35 жаштан жогорку курактагы аялдар арасында министрликтин статс-катчысы Айдай Курманова да күлүк экенин айгинеледи.

100, 200, 500 жана 1000 метрлик аралыкка чуркоодогу экинчи жана үчүнчү орундарды да аталган министрликтин кызматкерлери камсыздады.

Мелдеш кол күрөш, бильярд, волейбол, оордук көтөрүү, дартс, мини-футбол, жеңил атлетика, стол тенниси, атуу, тогуз коргоол, шахмат жана аркан тартмай боюнча өтүүдө. Мында күч структура жана укук коргоо органдары өзүнчө, ага кирбеген мамлекеттик орган кызматкерлери өзүнчө ат салышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0