Кыргызстандын атаандаштары Тажикстан менен Бангладештин беттешүүсү 12-ноябрда өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Кыргызстан — Тажикистан футбол оюну. Архив
Бишкектеги Кыргызстан — Тажикистан футбол оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошол эле күнү Канберрада Кыргызстандык курама командасы Австралия менен беттешет.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Тажикстан менен Бангладештин ортосундагы оюн 12-ноябрь күнү Душанбе шаарында өтө турганын Футбол федерациясы билдирди.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык футболчулар Австралияга жөнөп кетти
Бангладештин курама командасы ишемби күнү Душанбеге келди. Ошол эле күнү, 12-ноябрда кыргызстандык команданы австралиялык оюнчулар өз талаасында кабыл алат.

Бангладеш командасынын машыктыруучусу, италиялык адис Фабио Лопес Душанбеге 23 оюнчу менен келди. Футболчулардын басымдуу бөлүгү "Шейх Джамал Дханмонди" клубунда ойногондор.

Тажикстанга келген меймандар борбор калаанын беш жылдыздуу мейманканага жайгаштырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0