Кыргызстандын футзалчылары мелдеш алдында Худжантта машыгуудан өтөт

Жазылуу
Футзалчылардын командасы 2016-жылы өтө турган Азия чемпионатынын финалына чыгуу үчүн Азиянын беш өлкөсү менен ат салышат.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футзалчылары тандоо турунун алдында Худжантта машыгуудан өтө турганын Футбол федерациясы билдирди.

Бишкектеги Кыргызстан — Тажикистан футбол оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын атаандаштары Тажикстан менен Бангладештин беттешүүсү 12-ноябрда өтөт
Кечээ команда Тажикстанга жөнөп кетти. Беттешүү 15-16-ноябрь күндөрү Худжант шаарында өтөт.

Кыргызстандын курама командасы Тажикстан, Түркмөнстан жана Афганистандын командалары менен "А" тайпасына кирди.

Тандоо турунун жыйынтыгы менен тайпадан эки топ чыгат. Азия чемпионаты 2016-жылдын 10-21-февраль күндөрү Ташкент шаарында өтөрү күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0