Австралиянын курама командасы биринчи таймда Кыргызстандын дарбазасына 1 гол киргизди

© Sputnik / Табылды КадырбековАвстралиянын курама командасынын оюнчусу. Архив
Австралиянын курама командасынын оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи таймдын жүрүшүндө Австралия курама командасынын капитаны Миле Единак пенальтиден тээп топ киргизди.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Австралиянын курама командасы биринчи таймда Кыргызстандын дарбазасына 1 гол киргизди.

Австралиянын борбору Канберра шаарында Кыргызстан менен Австралиянын курама командалары Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынын алкагында беттешип жатат.

Команданын курамындагы Ислам Шамшиев оюн эрежесин бузгандыктан, калыс пенальти дайындады. 11 метрлик аралыктан Миле Единак топту тээп, оюн эсебин ачты. 

Кыргызстандык күйөрмандар беттеш алдында башкы машыктыруучу Крестинин менен жолугушту
Эки команда буга чейин Бишкек шаарында беттешип, австралиялыктар 1:2 эсебинде жеңишке жеткен. 

Үч оюнчу – Мирлан Мурзаев, Антон Землянухин жана Даниэл Тэго бул беттеште ойношкон жок. Мурзаевдин документи боюнча маселе чыгып, Австралияга учуп бара албай калса, Землянухин менен Тэго буга чейинки оюндарда жаракат алышкан.

Беш оюндун жыйынтыгы менен Иордания 13 упай менен ишенимдүү түрдө биринчи орунда келе жатат. Экинчи орунда тогуз упай менен австралиялыктар келе жатат, анын запаста дагы бир оюну бар. Кыргызстан сегиз упай менен үчүнчү орунда. Төртүнчү орунду эки упай менен Тажикстандын командасы камсыздаса, болгону бир упай менен Бангладеш акыркы орунда. 

Австралия менен Кыргызстан курама командаларынын баштапкы курамы менен Sputnik агенттиги даярдаган инфографикадан таанышыңыздар>> 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0