Австралиянын курама командасы Кыргызстанды өз талаасында утуп алды

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстан – Австралия футбол беттеши учурунда. Архив
Кыргызстан – Австралия футбол беттеши учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын курама командасы эми 17-ноябрда Бишкекте Иорданиянын командасы менен беттешет

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча Австралиянын курама командасы Кыргызстанды 3:0 эсебинде утуп алды.

Эки команданын беттеши Австралиянын борбор калаасы Канберра шаарындагы GIO Stadium стадионунда өттү.

Австралиянын курама командасы биринчи таймда Кыргызстандын дарбазасына 1 гол киргизди
Австралия курама командасынын капитаны Миле Единак биринчи таймдын 40-мүнөтүндө пенальти тээп оюн эсебин ачты. Экинчи таймда Тим Кейхилл өзгөчөлөнүп, командасын 2:0 эсебинде алдыга алып чыкты. Ал эми үчүнчү топ автогол болуп Кыргызстандын дарбазасына кирип кетти. Топ Ильдар Амировго тийип кирип кетти. Ошентип, оюн эсеби 3:0 болуп, австралиялыктардын пайдасына аяктады.

Эми Австралиянын капчыгында 12 упай бар. "В" тобундагы Иорданиянын 13 упайы бар. Эми алар Кыргызстандын курама командасы менен Бишкекте беттешет. Кыргызстандыктар капчыгына 8 упай топтоп, үчүнчү орунда келе жатат. Төртүнчү орунда эки упай менен Тажикстан келе жатса, бир упай менен Бангладеш бешинчи орунда. Бүгүн Бангладеш менен Тажикстандын курама командалары да Душанбеде беттешет.

Кыргызстандын дагы алдыда эки оюну бар. Теориялык жактан алганда биздин 2018-жылы болчу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0