ЖМК: Блаттер менен Платини футболдон алты жылга чейин четтетилиши мүмкүн

© Sputnik / Яна Лапикова / Медиабанкка өтүүФИФАнын президенти Йозеф Блаттер менен УЕФАнын жетекчиси Мишель Платини. Архив
ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер менен УЕФАнын жетекчиси Мишель Платини. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октябрь айынын башында ФИФАнын этика боюнча комитети Блаттер менен Платиниге футболго байланышкан кандайдыр бир иш-аракеттерди жасоого тыюу салган. Мындай аракет шарттуу мүнөздө гана болгонун ФИФАнын этика боюнча комитетинин арбитраждык палатасынын башчысы Ханс-Йоахим Эккерт билдирди.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер менен УЕФАнын жетекчиси Мишель Платини футболго байланышкан кандайдыр бир аракеттерди жасоо боюнча алты жылга четтетилиши мүмкүндүгүн Daily Mail басылмасы билдирди.

ФИФА футбол федерацисынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айыптоочулар: ФИФА жетекчилиги коррупцияны 20 жыл жаап-жашырып келген
Швейцариянын федералдык юстиция бюросу (FOJ) Блаттерге каршы иш ачкан, ал 2011-жылы Платиниге эки миллион швейцария франкын мыйзамсыз которгон деп айыпталууда. Бул акча Платиниге 1999-жылдын январь айынан 2002-жылдын июнь айына чейин жасаган иштери үчүн которулган делинүүдө. Бирок ал бул каражаттын баары мыйзам боюнча келишимдин негизинде төлөнгөнүн айтууда. Октябрь айынын башында ФИФАнын этика боюнча комитети Блаттерди, уюмдун башкы катчысы Жерома Валькени жана Платинини футболго байланышкан кандайдыр бир аракеттерди жасоого тыюу салып четтеткен болчу.

"90 күнгө чейин четтетүү шарттуу түрдө көрүлгөн чара болчу. Биз Рождество майрамына чейин барын аныктаганга аракет кылып, президенттик шайлоонун алдында барын тактап алышыбыз керек. Бул аракеттер четтетүү канчага чейин созуларын так билип алууга кандайдыр бир илинчээктерди бериши керек", — дейт ФИФАнын этика боюнча комитетинин арбитраждык палатасынын башчысы Ханс-Йоахим Эккерт.

ФИФАны 1998-жылдан бери башкарып келе жаткан Блаттер 29-майда кийинки беш жылдыкка шайланган. Бирок, коррупциялык ири чатактарга байланыштуу 2-июндан тарта кызматтан кеткенин жарыялаган. Уюмдун жаңы президентин шайлоо 2016-жылдын февраль айында өтүшү керек.

Платини ФИФАнын президенттигине талапкерлердин бири, бирок анын шайлоого катышуусу ага коюлган чектөөлөр алынгандан кийин гана чечилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0