Кыргызстандын футзалчылары Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө чыгышты

Жазылуу
Азия чемпионаты Ташкентте кийинки жылы өтөт.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө чыкканын Футбол федерациясы билдирди.

Кыргызстандын футзалчылары тажик командасынын күлүн асманга сапырды
2016-жылы өтө турган Азия чемпионатынын тандоо турунун алкагында өткөн беттешүү Тажикстандын Худжант шаарында болду. Кыргызстандын курама командасы Тажикстан, Түркмөнстан жана Афганистан командалары менен бирге "А" тайпасына кирген.

Биринчи турда кыргызстандык команда түркмөндөр менен беттешсе (1:1), экинчи оюнда Афганистан командасы менен ат салышкан. Атаандаштар анда 2:2 эсеби менен теңме-тең чыккан. 

Эки оюндан кийин кыргызстандык команда экинчи орунда келе жаткан. Акыркы беттешүүдө кыргызстандык футболчулар тажиктерди 3:2 эсеби менен утуп, беш упай менен Азия чемпионатына чыкты. Экинчи жолдомого куржунунан төрт упай салган тажикстандык команда ээ болду.

2016-жылы Ташкентте өтө турган Азия чемпионатынын финалдык бөлүгү 10-21-февраль күндөрү өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0