Бишкекте аскага чыгуу боюнча мелдеш өтөт

Жазылуу
Аскага чыгуунун татаалдыгы жана ылдамдыгы боюнча мелдешке 17 жашка чейинки спортчулар катыша алат. Алардын арасында шаардын, республиканын чемпиондору бар.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкекте аскага чыгуу боюнча шаардын чемпионаты менен ачык биринчилиги өтө турганын мэрия билдирди.

Балбандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төрт мамлекеттин балбандары УОКтун туңгуч президентинин элесине арналган сынакка келет
Маалыматка ылайык, белгилүү спортчу Алексей Аксеновдун элесине арналган мелдеш үстүбүздөгү жылдын 21-22-ноябрь күндөрү Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде өтөт. 

Аскага чыгуунун татаалдыгы жана ылдамдыгы боюнча мелдешке 17 жашка чейинки спортчулар катыша алат. Алардын арасында шаардын, республиканын чемпиондору бар.

Турнирдин жеңүүчүлөрү диплом, медаль жана баалуу байгелер менен сыйланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0