Майыптар кол күрөш боюнча күч сынашып жатат

© flickr.com / Hector AlejandroСпортчулар кол күрөшүүдө. Архив
Спортчулар кол күрөшүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда турнирге 168 спортчу катышууда. Таймаш үч күнгө созулуп, 21-ноябрда аяктайт.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкекте ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында кол күрөш боюнча мелдеш өтүп жатканын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, таймаш XVI спартакиаданын алкагында өтүүдө. Анда угуусу начар, баса албаган жана борбордук нерв системасы жабыркаган майыптар күч сынашып жатат. 

Учурда турнирге 168 спортчу катышууда. Мелдеш үч күнгө созулуп, 21-ноябрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0