Теннис боюнча мелдеште казакстандыктар ат чабым озуп кетишти

© пресс-служба ГАФКиСТенниш боюнча мелдештин жүрүшүндө.
Тенниш боюнча мелдештин жүрүшүндө. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык теннисчинин элесине арналган таймашта Казакстан менен Түркмөнстандан келген спортчулар күч сынашты.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бишкекте теннис боюнча СССРдин спорт чебери Жеңишбек Таласбаевдин элесине арналган эл аралык турнир аягына чыкканын Мамлекеттик жаштар, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Медалдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уралда өткөн спартакиадада кыргыз диаспорасы жеңүүчү болду
Спорттук иш-чарага Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстандан келген 50 спортчу катышты. Мелдеш 50 жашка чейинки жана андан жогорку курактагы эки категорияда өттү. Катышуучулар жалгыз жана жуп болуп ойношту. 

50 жашка чейинки категорияда биринчи орунду казакстандык Диаз Сарсембаев, экинчи орунду кыргызстандык Алишер Якубаев, ал эми үчүнчү орунду түркмөнстандык Вячеслав Хмечев ээлешти. 

50 жаштан жогорку курактагы спортчулардын ичинен биринчи орунду казакстандык Никонор Ким алса, экинчи, үчүнчү орундарга эки кыргызстандык спортчу ээ болду. 

Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана баалуу байгелер менен сыйланышты.

Кыргызстандын бирден бир мыкты теннисчилеринин бири Жеңишбек Таласбаев 1993-жылы каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0