"Дордой" командасын чет элдик эмес, кыргызстандык тренер машыктырат

© пресс-служба ФК "Дордой"Машыктыруучу Анарбек Ормомбеков. Архив
Машыктыруучу Анарбек Ормомбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сербиялык машыктыруучу Завиша Милосавльевич менен болгон келишим команданын быйылкы сезондо канааттандырарлык оюн көрсөтө албагандыгынан улам жоюлду.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкектин "Дордой" футбол клубунун башкы машыктыруучусу болуп Анарбек Ормомбеков дайындалганын клубдун маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчы улуттук футболдун деңгээли менен мактанды
Мындай чечим администрация, машыктыруучу курамдын жана футболчулардын катышуусунда болгон жамааттык жыйында кабыл алынган.

Ошондой эле, "Дордойдун" экинчи машыктыруучусу болуп команданын мурдагы мыкты оюнчусу, жакында эле карьерасын аяктаган Руслан Сыдыков дайындалды.

Буга чейин "Дордой" командасын сербиялык Завиша Милосавльевич машыктырып келген. Ал ТОП-Лиганын аякташына эки тур калганда октябрда кызматынан кеткен. Клубдун администрациясы буга чейин маалымдагандай сербиялык машыктыруучу менен түзүлгөн келишим команданын быйылкы сезондо канааттандырарлык оюн көрсөтө албаганы үчүн жоюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0