Сагынбаев эркин пирамида боюнча дүйнө чемпионатын жеңиш менен баштады

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүБильярд оюну. Архив
Бильярд оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дагы бир кыргызстандын спортчу Зайлан Адамов Томскиде өтүп жаткан таймаштагы кадамы байсалдуу болду.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстандык Каныбек Сагынбаев бильярддын "эркин пирамида" түрү боюнча дүйнө чемпионатын жеңиш менен баштаганын турнирдин расмий сайты билдирди.

Бильярд спорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
18 жаштагы Дастан Лепшаков бильярд боюнча дүйнө чемпиону болду
Дүйнө биринчилиги Томскиде өтүүдө, мелдеш 5-декабрда соңуна чыгат. 1,5 миллион рублдик байге фонду 17 мамлекеттен барган 67 спортчунун ортосунда ойнотулмакчы.

Оюндун 1/32 бөлүгүндө Сагынбаев 7:3 эсеби менен россиялык бильярдчы Виталий Гривцовду утуп алды. Эмки оюнда атактуу спортчу Молдовадан келген Владимир Рейс менен беттешет.

Ал эми башка кыргызстандык Дастан Лепшаков 4:7 эсеби менен россиялык Дмитрий Стороженкодон жеңилип калды. Кийинки беттешүүдө Стороженко дагы бир кыргызстандык Зайлан Адамов менен ат салышат. Адамов буга чейин эстониялык Вячеслав Андреевди утуп алды.

Кыргызстандан барган дагы бир спортчу Канат Сыдыков Молдовадан барган Семен Унтиловго 4:7 эсеби менен жеңилип берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0