Кыргызстандын волейбол боюнча чемпионатынын жаңы сезону башталды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүВолейбол оюну учурунда. Архив
Волейбол оюну учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда оюндун биринчи туру Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жатат. Кийинкилери эмки жылдын январь-март айында өтө турганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстанда волейбол боюнча чемпионатынын жаңы сезону башталганын аталган спорттун түрү боюнча федерация билдирди.

Волейболчу топ менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ардагер волейболисттер россиялык атаандаштары менен күч сынашат
Мелдештин биринчи туру Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайда бүгүн өттү. Ал Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган турнир менен чогуу өтүп жатат. 

Волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагишевдин айтымында, чемпионаттын калган үч туру 2016-жылдын январь-март айларында өтмөкчү.

Чемпионат Жогорку жана Улуттук болуп эки лигага бөлүнгөн. Улуттук лигада "Бажы", "Жаңы муун", "Салам Алик", "Нацгвардия", "Жети-Суу" жана Дархан Ошту командалары бар. Ал эми Жогорку Лиганын турниринде "Динамо", "Жалын", "Ош", "Улар" жана "Кадамжай" командалары ат салышат.

2015/2016-сезондун жыйынтыгы менен Жогорку лиганын жеңүүчүсү Улуттук лигага жолдомо алып, ал эми Улуттук лиганын акыркы сабындагы топ кийинки сезондо Жогорку лигада ойнойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0