Бильярдчы Каныбек Сагынбаев дүйнө чемпиондугуна ат салышуудан четтеп калды

© flickr.com / DerbethСпортчу бильярд чемпионаты учурунда. Архив
Спортчу бильярд чемпионаты учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан барган спортчулар таймаштын алгачкы этаптарында эле жолдон кайтышкан. Сагынбаев мелдештин 1/8 бөлүгүнө жетип жеңилди.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бильярдчы Каныбек Сагынбаев эркин пирамида боюнча дүйнө чемпионатындагы ат салышуудан четтеп калганын турнирдин сайты жарыялады.

Спортчу бильярд чемпионатында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бильярдчы Сагынбаев баш байге үчүн ишенимдүү бара жатат
Биринчилик 30-ноябрдан 5-декабрга чейин Россиянын Томск шаарында өтүүдө. Турнирге 25 өлкөнүн спортчулары катышууда.

Оюндун 1/16 бөлүгүндө кыргызстандык спортчу Сагынбаев молдовалык Владимир Рейсти 7:2 эсеби менен утуп алган. Ал эми кийинки этапта россиялык Андрей Фрейзе менен беттешип, 7:0 эсеби менен жеңилип калды.

Калган кыргызстандык бильярдчылар таймаштын алгачкы этаптарында эле жеңилүүгө дуушар болушкан.

Турнирдин жеңүүчүсү 1,5 миллион россиялык рубль байгеге ээ болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0