Чыңгыз Айтматов тогуз коргоол оюну менен да эскерилет

© Фото / пресс-служба ГАФКиСТогуз коргоол оюну. Архив
Тогуз коргоол оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов быйыл 87 жашка чыкмак.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстандын борбор калаасында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык турнир өтө турганын Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Айтматовдун чыгармачылык феномени боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт
Быйыл 12-декабрда улуу жазуучу 87 жашка чыкмак. Айтматов Германияда узак оорудан соң 2008-жылдын 10-июнунда каза болгон.

Мелдеш Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада 6-12-декабрь күндөрү аялдар жана эркектер арасында өтөт. 

Турнир Кыргызстандын улуттук спорт оюндары боюнча дирекция тарабынан Тогуз коргоол федерациясы менен биргеликте уюштурулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0