"Алай" ливиянын командасы менен АФКнын оюндары алкагында күч сынашат

© пресс-служба мэрии города Ош"Алай" футбол командасы оюн учурунда. Архив
Алай футбол командасы оюн учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттеш 2016-жылы 9-февралда Ливиянын борбор калаасында өтөт.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстандын "Алай" футбол командасы Ливиянын командасы "Триполи" менен Азиялык футбол конфедерациясынын (АФК) 2016-жылкы топтук раундарына кирүү үчүн күч сынашат. Бул тууралуу КР футбол федерациясы маалымдады.

Кыргызстан курама командасынын спортчусу футбол талаасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан тарта Кыргызстан FIFA рейтингинде 44 орунга жогорулады
Жума күнү АФКнын квалификациялык оюндары үчүн чүчү кулак кармалды. Кыргызстандын чемпиону "Алай" командасы 2016-жылы 9-февралда Ливияда беттеш өткөрөт.

"Триполи" командасы Ливиянын быйылкы кубогун жеңип алган. Топ-лиганын өкүлдөрү жеңишке жетсе топтук раундарда ойноо укугун алат. Белгилей кетсек, командалар бир гана жолу ойнойт.

Оштун футбол клубу 2013-жылы АФКнын кубогу үчүн ат салышкан. Биринчи беттеште Палестинанын чемпиону "Аль-Дахрия" командасын өз үйүндө уткан. Бирок, "Алай" командасы кийинки оюндардан улам топтук турларга өтө алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0