Айтматовго арналган тогуз коргоол боюнча мелдешке 121 оюнчу катышууда

© Фото / пресс-служба ГАФКиСТогуз коргоол оюну. Архив
Тогуз коргоол оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюнчулар Казакстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын булуң-бурчунан келишти.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган тогуз коргоол боюнча мелдешке төрт мамлекеттен 121 спортчу катышып жатканын Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Быйыл 12-декабрь күнү Айтматов 87 жашка толмок. Жазуучу 2008-жылдын 10-июнунда узакка созулган оорудан соң Германияда каза болгон.

Таймаш Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өтүп, 6-декабрдан 12-декабрга чейин уланмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0