Футбол боюнча улуттук кураманын купулга толгон 10 оюну

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын курама командасынын футболчулары. Архив
Кыргызстандын курама командасынын футболчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата мекендик команданын эң мыкты оюндарынын рейтинги матчтардын бардыгынын статистикасына көз салуучу ФИФАнын сайтынын маалыматтары боюнча түзүлдү.

БИШКЕК, 10-дек — Sputnik. Кыргызстандын курамасынын тарыхы дээрлик 23 жылды каптыйт. 1992-жылы КРдин Футбол федерациясы түзүлгөн. Эки жыл өткөндөн кийин ал ФИФАнын толук укуктуу мүчөсү болгон. Ушул мезгилден тартып кураманын оюндары эл аралык статус алган. 

Кыргызстан — Иордания футбол беттеши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол күнүндө FIFA сайты Кыргызстандын командасына арналган макала жарыялады
Чынында биринчи оюн ийгиликсиз болгон — 1994-жылдын 14-апрелинде меймандык жолдоштук оюнда ата мекендик команда 5:1 эсеби менен түркмөн командасына чоң айырма менен жеңилип калган.

Бирок Кыргызстандын курамасынын тарыхында күйөрмандар оюнчуларга туруп кол чапкан көп учурлар жана беттештер болгон. Бүткүл дүйнөлүк футбол күнүнө арналган материалда Sputnik маалымат агенттиги кыргызстандык футболчулардын эң мыкты 10 оюнуна сары эсеп салды.

Биринчи жеңиш

1995-жылдын 7-октябры Кыргызстандын курамасынын фанаттары үчүн эсте калган күн болгон. Дал ошондо үйдөгү матчта кыргызстандыктар Тажикстандын командасын 5:4 эсеби менен жеңип алган. Кыргызстандын командасынын бул оюну 1996-жылкы Олимпиадага тандоо оюндарындагы эл аралык матчтардын алкагындагы биринчи оюну болчу. 

Кыргызстан — Йемен 3:1

Өзүнүн биринчи оюндарын 1996-Азиянын Чемпионатынын расмий турниринин тандоо турунда курама өтө начар баштап, үч жолу катары менен жеңилген, бирок акыркы матчта ал йемендиктерди 3:1 эсеби менен жеңген жана биринчи расмий упаларды топтой алган.

Кыргызстан — Мальдивалар 3:0

1998-Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турларында КРдин курамасы бир топ жакшы оюн көрсөтүп, үч жеңишти камсыздай алган. 1997-жылы 6-июнда кыргызстандыктар 3:0 эсеби менен Мальдива аралдарынын курамасын жеңген. Ошентип, бул оюн өлкөнүн курамасына биринчи олуттуу жеңиш алып келген.

Мальдивалар — Кыргызстан 0:6

Бир жумадан кийин кыргызстандыктар мальдивалыктарга эки эсе көп топ киргизип, кайра жеңип алышкан. Бул жеңиш Кыргызстандын курамасынын тарыхында эң ири жеңиш болуп калган.

Пакистан — Кыргызстан 0:2

Алты жылдан ашык убакыт ичинде Кыргызстандын курамасы олуттуу жеңишке жете алган эмес, 2003-жылдын 29-ноябрында мындай көрүнүш аягына чыккан. 2006-Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун алкагында кыргызстандыктар Пакистандын курамасынын дарбазасына эки жоопсуз топ киргизип, көптөн бери күткөн жеңишке жетишкен. Бир нече күндөн кийин Бишкекте болгон жооп иретиндеги матчта, улуттук команда эми 4:0 эсеби менен жеңген.

Кыргызстан — Камбоджа 4:3

Дээрлик төрт жыл күйөрмандар өз сүймөнчүктөрүнөн гол кубанычын күтүштү. Себеби, акыркы жолу төрт голду бир матчта кыргызстандыктар 2003-жылдын аягында киргизишкен болчу. Кезектеги жолу төрт голду атаандаштардын дарбазасына 2007-жылдын 19-августунда Камбоджанын командасы менен жолдоштук матчта киргизүүгө мүмкүн болгон.

Кыргызстан — Тажикстан 1:0

2013-жылы Бишкекте Азиянын кубогунун тандоо раунду өткөн. Башталышындагы эки жеңишке карабай, үчүнчү турда Кыргызстандын курамасы мыктылыгын сактап, минималдуу эсеп менен принципиалдуу атаандаш – Тажикстандын курамасын жеңип алган. Эсеп 1:0.

2018-жылы боло турчу Дүйнөлүк чеспионатка тандоо

Өткөн жылдан тартып ата мекендик футболдун кайра жаралуусу башталды. 2018-жылы Россияда боло турган дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раундунда кыргызстандыктар жети матч ойношту. Алардын ичинен бир гана оюн начар болду, ал Азиянын чемпиону Австралиянын курамасына каршы меймандык оюн. Оюн 0:3 эсеби менен аяктаган. Биз кеп учугун "Жашыл континенттин" оюнчуларына каршы биринчи матчтан баштайлы.

Кыргызстан — Австралия 1:2

Утулушка карабай оюнчулар күйөрмандарды оюндун сапаты менен да, Азиянын учурдагы чемпиондору – австралиялыктар менен сүрдүү кармашкандары менен да жагымдуу таң калтырышты. Натыйжада австралиялыктардын дарбазасына кол менен киргизилген гол да легендарлуу аргентиналык Диего Марадонна менен тамашалуу салыштырууларды жаратты.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Футбольный матч между сборной Кыргызстана и Австралией /
 Футбольный матч между сборной Кыргызстана и Австралией / - Sputnik Кыргызстан
Футбольный матч между сборной Кыргызстана и Австралией /

Кыргызстан — Тажикстан 2:2

Ошол эле тандоо турунун башка матчында да кыргызстандыктар жеңе алган жок, бирок оюн эч кимди кайдыгер калтырган жок, аягы абдан толкундаткыдай болду. Дээрлик бир саат Кыргызстандын курамасы талаада үстөмдүк кылып эсеп жагынан алдыда болду, бирок көпчүлүктүн пикири боюнча тажикстандыктардын кокустан киргизген эки голу баарын өзгөртүп койду. Бирок ата мекендик команда көңүлү чөкпөй, атандаштын дарбазасына финалдык чабуул жасап жана төртүнчү кошумча мүнөттө пенальтиге жетти. Антон Землянухин он бир метрликти ишке ашырып, эсепти теңдеп, трибуналарды жарды. 

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбольный матч Кыргызстан — Таджикистан
Футбольный матч Кыргызстан — Таджикистан - Sputnik Кыргызстан
Футбольный матч Кыргызстан — Таджикистан

Кыргызстан — Иордания 1:0

Землянухин атаандаштардын дарбазасына сулуу гол киргизип, дагы бир тандоо матчынын каарманы болду. Оюн күйөрмандарга гана эмес, адистерге да абдан жакшы пикир калтырды. Натыйжада ФИФА аны турдун мыкты матчы деп тааныды.

© Sputnik / Табылды КадырбековМатч Кыргызстан — Иордания признан лучшей игрой тура ЧМ в зоне "Азия"
Матч Кыргызстан — Иордания признан лучшей игрой тура ЧМ в зоне Азия  - Sputnik Кыргызстан
Матч Кыргызстан — Иордания признан лучшей игрой тура ЧМ в зоне "Азия"

"Москва дароо эле курулган эмес", жана ар жыл сайын кураманын оюну улам көбүрөөк жаркын ой-пикир жаратат деген үмүттөбүз. 

Жаңылыктар түрмөгү
0