Бишкек Борбордук Азия альпинисттеринин башын бириктирип жатат

© flickr.com / psaylaАльпинист. Архив
Альпинист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке Казакстан менен Кыргызстандын булуң-бурчунан спортчулар келишти.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкекте жума күнү кечинде альпинизм боюнча Борбордук Азиянын чемпионаты баштала турганын иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, таймаш Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде өтмөкчү. Ага Өзбекстан, Казакстан жана башка Борбор Азия өлкөлөрүнөн спортчулар чакырылган. Аларга жергиликтүү "аскачылар" атаандаш болот.

Мелдешке 11 жашка чейинки жана 17 жаштан жогорку спортчулар катыша алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0