Айтматовго арналган тогуз коргоол турнирин кыргыз жана казак спортчулары жеңип алды

© Sputnik / Табылды КадырбековТогуз коргоол оюну үчүн тактача. Архив
Тогуз коргоол оюну үчүн тактача. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алты күнгө созулган мелдешке түрт өлкөдөн 121 спортчу катышты.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык турнирди кыргызстандык Кубан Сазаев менен казакстандык Салтанат Сапарбекова жеңип алышканын Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Чоңдор менен балдар тогуз коргоол ойноп акыл күчүн сынашты
Таймаш 6-12-декабрь күндөрү Бишкекте Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өттү. Ага Казакстан, Өзбекстан, Түркия менен Кыргызстандын булуң-бурчунан 121 спортчу катышты.

Эркектер арасында экинчи орунду кыргызстандык Муратали Исмаилов, ал эми үчүнчүнү казакстандык Медет Хусайынов ээлешти.

Кыздар арасында экинчи орунду Казакстандан келген Назым Карагул кызы ээлесе, кийинки байге кыргызстандык Жаңыл Сагынбековага ыйгарылды.

Бүгүн улуу жазуучу 87 жашка чыкмак. Айтматов 2008-жылы узак оорудан кийин Германияда каза болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0