Бишкекте аскага чыгуу боюнча Борбордук Азия чемпионаты башталды

© пресс-служба мэрии города БишкекСпортчу Бишкек шаарында аскага чыгуу боюнча Борбордук Азия чемпионатында.
Спортчу Бишкек шаарында аскага чыгуу боюнча Борбордук Азия чемпионатында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдештеги биринчилик үчүн Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын спортчулары ат салышмакчы.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында аскага чыгуу боюнча Борбордук Азия чемпионаты башталганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Таймаш Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин манежинде өтүп жатат. Ага Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандан 83 улан жана 37 кыз катышууда. 

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарында аскага чыгуу боюнча Борбордук Азия чемпионаты
Чемпионат Центральной Азии по спортивному лазанию в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарында аскага чыгуу боюнча Борбордук Азия чемпионаты

Чемпионат үч категорияда өтүүдө. Иш-чаранын негизги максаты аскага чыгууну жаштар арасында жайылтуу, чеберчиликти өнүктүрүү жана мыкты спортчуларды тандоо болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0