Челси командасынын башкы машыктыруучусу Жозе Моуриньо. Архив

Жозе Моуриньо "Челсиден" кетти

(жаңыланган 10:41 18.12.2015)
Лондон клубунун жетекчилигине Россия курама командасынын мурунку машыктыруучусу Гус Хиддинк менен "Реал" жана ЦСКАнын мурунку насаатчысы Хуанде Рамостун келери болжолдонуп жатат. Ал эми Моуриньонун өзүн кайтадан Мадридге кетет деген каңшаар кеп бар.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. "Челси" командасынын башкы машыктыруучусу сезондун биринчи жарымын ийгиликсиз өткөргөнү үчүн кызматынан кетти, деп жазат Р-Спорт басылмасы.

Маалыматка ылайык, быйылкы сезон команда үчүн тарыхтагы эң начар мезгил болду: 16 турдан кийин 9 ирет жеңилип, 15 упай менен турнирдик таблицада 16-орунда турат. Ал эми таблицадан чыгып калуудан команданы болгону бир упай бөлүп турары белгилүү болду.

52 жаштагы машыктыруучунун ордуна москвалык ЦСКА жана мадриддик "Реалды" машыктырып келген Хуанде Рамос же 2007-2008-жылдары "Челсинин" башында туруп, команданы Чемпиондор лигасынын финалына алып чыккан Авраам Гранттын келиши мүмкүн экени айтылууда. Талапкерлердин арасында Россия командасын жетектеп келген нголландиялык Гус Хиддинк да бар. 

The Sun басылмасынын маалыматы боюнча Моуриньо Мадридге кайтып, "Реалдын" футболчуларына насаатчы болушу ыктымалдыгын жазып чыкты.

Белгилер:
машыктыруучу, футбол, ФК "Челси", Жозе Моуриньо
Тема боюнча
Футбол күнүндө FIFA сайты Кыргызстандын командасына арналган макала жарыялады
КРдин футбол дарыгерлери спорт медицинасы боюнча тажрыйбасын Индиядан жогорулатууда
Бразилиялык атлет кыз Жессика Андраде

Жессика Андраде атаандашы Валентина Шевченконун алсыз жактарын атады

(жаңыланган 13:22 20.04.2021)
Шевченко бразилиялык спортчу менен UFC 261 мелдешинде кез келет. Кыргызстандык мушкер кыз бешинчи ирет UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук наамын коргоо үчүн кармашат.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бразилиялык атлет кыз Жессика Андраде атаандашы Валентина Шевченкону грэпплинг (күрөш) жагынан алсыз деп атады. Бул тууралуу ал Globo Esporte телеканалына берген маегинде айтты.

Кыргызстандык мушкер кыз менен бразилиялык спортчу 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилль шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет.

"Шевченко грэпплинг жагынан алсыз деп ойлойм. Мен атаандашымды тордо кармаганда өзүмдүн канчалык күчтүү экенимди жана өз мүмкүнчүлүгүмө канчалык ишенимдүү экенимди дайыма айтып келем", — деген ал.

Эң жеңил салмактын экс-чемпиону беттеш учурунда Шевченконун "алсыз жагын пайдалана турганын" белгилеген.

"Мен атаандашымды бир канча ыкма менен жерге жыга алам. Жыгып алсам, анда ал тура албайт", — деп белгилеген Андраде.

Анын айтымында, Шевченконун ыкчам соккулары, өзгөчө бутка тепкени кооптуу болуп саналат.

Кеченин башкы беттешинде жарым орто салмактын чемпиону Камару Усмана менен Хорхе Масвидаль кармашат. Мелдештеги дагы бир кызыктуу таймаш эң жеңил салмактын мурдагы чемпиону Роуз Намаюнас менен кытайлык Вэйли Чжандын ортосунда өтөт.

Белгилер:
маек, беттешүү, Жессика Андраде, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Шевченко бразилиялык Андрадени ута алабы? Букмекерлердин пикири
Бишкек мэриянын спортчуларга сыйлыктары

Бишкек мэриясы Айсулуу, Жоламан, Дарья баш болгон спортчуларды сыйлады

(жаңыланган 14:30 20.04.2021)
Мэрия спорттогу талыкпас эмгеги жана жетишкендиктери үчүн бир катар спортчуларга 100 миң сомдук, ал эми машыктыруучуларга 50 миң сомдук сертификаттарды ыйгарды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы эл аралык аренада ийгилик жараткан шаардагы спорттук мектептердин тарбиялануучулары менен машыктыруучуларды сыйлаганын кабарлады.

  • И. о. мэра Бишкека Бактыбек Кудайбергенов вручил 100 тысяч сомов Айсулуу Тыныбековой, успешно выступившей на международных соревнованиях
    Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Айсулуу Тыныбекова менен
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • И. о. мэра Бишкека Бактыбек Кудайбергенов вручил 100 тысяч сомов Мээрим Жуманазаровой, успешно выступившей на международных соревнованиях
    Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Мээрим Жуманазарова менен
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • И. о. мэра Бишкека Бактыбек Кудайбергенов вручил 100 тысяч сомов Жоломану Шаршенбекову, успешно выступившему на международных соревнованиях
    Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Жоламан Шаршенбеков менен
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • И. о. мэра Бишкека Бактыбек Кудайбергенов вручил 100 тысяч сомов Дарьей Масловой, успешно выступившей на международных соревнованиях
    Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Дарья Маслова менен
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • И. о. мэра Бишкека Бактыбек Кудайбергенов вручил 100 тысяч сомов Айпери Медет кызы, успешно выступившей на международных соревнованиях
    Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Айпери Медет кызы менен
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 5
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Айсулуу Тыныбекова менен

Анда спортко талыкпас эмгеги жана спортту өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн бир катар спортчулар 100 миң сомдук, ал эми машыктыруучуларга 50 миң сомдук сертификаттар берилди.

Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун буйругу менен балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы, грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков, Атабек Азисбеков жана Үзүр Жузупбековго, эркин күрөш чебери Эрназар Акматалиевге, жөө күлүк Дарья Масловага жана дзюдочу Владимир Золоевге 100 миң сомдук сертификат берилди.

Мэрдин милдетин аткаруучунун чечими менен спортчуларды таптаган машыктыруучулар Нурбек Изабеков, Хаким Махмудов, Уран Калилов, Кубат Мамбетов, Андрей Тупик, Рахмадил Жуманазаров, Ырысбек Мамышев, Абдужалил Юнусов, Татьяна Борисова 50 миң сомдук сертификат алышты.

Мындан сырткары, мэрия шаардын спортуна кошкон эмгеги үчүн баш калаадагы айрым спорттук мектептердин жетекчилерине ыраазычылык кат жана эстелик белектерди ыйгарганы маалым болду.

Белгилер:
сыйлоо, спортчу, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема боюнча
Кыргызстандык Эрназар Алматыдагы мелдеште мыкты ыкма жасаган спортчу болду. Видео
Атаандашы 7-раунддан кийин чыкпай койду. Боксчу Акжолдун жеңиши видеодо
Баетов айылынын тургуну Тынчтыкбек Турдукулов

Канатын жайып бийлегени кызык болду. Нарында төө куш баккан Турдукуловдун маеги

(жаңыланган 20:27 20.04.2021)
Нарын облусундагы Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Тынчтыкбек Турдукулов канаттуулар чарбасын жайылтуу максатында төө куш, жапайы кыргоол жана бөдөнө өстүрүүнү колго алган.

Тоолуу Нарын жергесине жаңылык киргизип жаткан 38 жаштагы фермер менен аймактык кабарчы маек курду.

— Нарынга төө куш алып келүү идеясы кайдан келди? Дегеним, аймактын шарты оорураак эмеспи.

— Канаттуулардын түрүн багууга мурда эле кызыгып жүрчүмүн. Төө куш боюнча интернеттен карасам, көбүнчө оштук туугандар багат экен. Алар менен сүйлөшүп, эки айлык эки төө куштун ар бирин 20 миң сомдон сатып алдым. Россиянын деле суук жерлеринде багып жатышпайбы. Андыктан Нарындын суугуна деле чыдаса керек деген ой келди. Төө куш жылына 80ге жакын жумуртка берет экен. Эми биздин климаттык шартта 40-50 жумуртка берсе деле жаман эмес. Төө кушту багууга ден соолук дагы түрткү болду. Бул куштун эти кант диабетине жакшы.

© Фото / Адилет Сагыналиев
Баетов айылынын тургуну Тынчтыкбек Турдукулов

— Көбөйтүү жолу кандай болот?

— Жапайы төө куштар жумурткасын басып балапан чыгарат экен. Ал эми булар баспайт дейт. Андыктан инкубаторго салып көбөйтсөк, жумурткаларын арзан баада элге жайылтсак деген ойлор бар. Негизи 1 жашка чыккандан баштап жумуртка тууй баштайт. Азыр булар үч айлык балапандар. Бир жаштагы төө куш 100 килограммга чейин эт берет экен.

— Тоют жагы кандай болуп жатат? Кыйынчылык жаралган жокпу?

— Булар өтө деле өзгөчө тоютту талап кылбайт. Негизги тамактары арпа, буудай, жүгөрү, беде жана эспарцет. Аларды тегирменден өткөрүп, майдалап, аралаштырып үч ирет берем. Экөө күнүнө бир маал 8 литр суу ичет. Булар чоң болгону менен топуктуу келишет экен. Бир тоё жеп алса жүрө беришет. Эң башкысы — кенен жерге коё бериш керек.

  • Баетов айылынын тургуну Тынчтыкбек Турдукулов
    © Фото / Адилет Сагыналиев
  • Баетов айылынын тургуну Тынчтыкбек Турдукулов
    © Фото / Адилет Сагыналиев
  • Баетов айылынын тургуну Тынчтыкбек Турдукулов
    © Фото / Адилет Сагыналиев
1 / 3
© Фото / Адилет Сагыналиев
Баетов айылынын тургуну Тынчтыкбек Турдукулов

— Кыял-жоруктары кандай болот экен?

— Азыр балапан болгондуктан кыял-жоругун деле байкай элекпиз. Бирок чоочун адамдарды көрсө тынчы кетип, чочуркайт. Сөйкө, көз айнек, топчу сыяктуу көзгө көрүнгөн жылтырак нерселерди көрсө чокулап кирет. Экөө бири-биринен ажырабайт. Бири барып жатып алса, экинчиси анын жанынан жылбай жата берет. Дагы бир кызыгы — эртең менен кепеден чыгарганда канаттарын жайып алып ары-бери чуркап бийлешет.

— Төө куштан тышкары бөдөнө, кыргоолдоруңуз дагы бар экен.

— Ооба, учурда бөдөнөнүн үч түрүнөн 130ду багып жатам. Буюрса, миңге жеткирсем деген тилегим бар. Бөдөнөнүн жумурткасы көп ооруга дары экен. Айылда жумурткаларын атайын буюртма менен шаардан алдыртып ичкендер көп. Андыктан бул чарбачылыкты да өнүктүрүүнү туура көрдүм. Ошондой эле эки жапайы кыргоол алып келгем. Кийин бири өлүп калды. Азыр жумурткасына буюртма бергем, келип калса инкубаторго салып чыгарып алабыз.

— Буларга кандай кам көрөсүз? Өзгөчө көңүл бурууну талап кылбайбы?

— Бөдөнөнүн жемин атайын Бишкектен алдырып, ага арпа-буудай аралаштырып берем. Бөдөнө сууну көп талап кылат экен. Суудан кем кылбаш керек. Калбай калса эле чурулдап бирин-бири чокулап башташат.

© Фото / Адилет Сагыналиев
Баетов айылынын тургуну Тынчтыкбек Турдукулов

— Канаттуулардын дагы башка түрлөрүн алып келүү планыңыз барбы?

— Адам шартка, климатка шылтабай аракет кыла бериши керек. Буюрса, мындан тышкары, павлин, кекиликтин жумурткасын алдырайын деп жатам. Алар келсе инкубатордук жол менен көбөйтүп, түрдүү куштарды баксам дейм. Зоопарк уюштурсам, кызыктуу канаттууларды жакындан таанып-билүү кичинекей балдар үчүн эле эмес чоңдор үчүн дагы кызык болсо керек.

Белгилер:
канаттуулар, кыргоол, бөдөнө, чарбачылык, мал, куш, төө, Ак-Талаа району, Нарын облусу
Тема боюнча
Кирешелүү бизнес. Ат-Башыда дары чөптүн 34 түрү менен иштеген Кампабекованын маеги
Үндүк багып миллион сом киреше тапса болот. Кара-суулук ишкер менен маек
Розанын 750, сирендин 70тен ашык түрүн өстүргөн үй-бүлө. Багбан менен маек