Зинедин Зидан "Реал Мадриддин" башкы машыктыруучусу болду

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОткрытие брендового центра Adidas в Москве
Открытие брендового центра Adidas в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Испан клубунун жетекчилиги Рафаэль Бенитес менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарып, насаатчылыкка Зинедин Зиданды алып келди.

БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Зинедин Зидан испандык "Реал Мадрид" клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалганын анын президенти Флорентино Перес билдирди.

Клубдун расмий сайтына жарыялангандай, дүйшөмбү күнү "Реал Мадрид" Рафаэль Бенитес менен келишимди жокко чыгарууну чечкен. 

"Мен Зинедин Зидандын башкы машыктыруучу болуп дайындалганын айткым келди. Ал футбол тарыхында уламышка айланган инсан. "Мадрид" үчүн ойноо жана машыктыруучу болуп оюн талаасынан сырт туруу деген эмне экенин мыкты билет. Зидан оюнда болгон аракетин жумшап, жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүп келген. Футболчунун колунда баары турат, биз Зинедин Зиданга ишенип, колдоо көрсөтүүгө даярбыз", — деди Перес.

Зидан футбол дүйнөсүндөгү мыкты оюнчу болуп саналат, ал Франциянын курама командасы менен Дүйнө чемпионаты-98, Евро-2000 оюндарын утуп, 2006-жылдагы биринчиликте финалга чейин жеткен. Ал эми "Реал Мадриддин" курамында 2002-жылы Чемпиондор лигасын жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0