Зидан "Реалдагы" машыктыруучулук кадамын ийгиликтүү таштады

© AFP / GERARD JULIENЛегендарлуу француз оюнчусу Зинедин Зидан.
Легендарлуу француз оюнчусу Зинедин Зидан. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Легендарлуу француз оюнчусу Зидан машыктыруучу Рафаэль Бенитес кеткенден кийин, "Реал" командасына келген.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Мадриддин "Реалы" жаңы машыктыруучу Зинедин Зидандын жардамы менен "Депортиво" командасынын таш-талканын чыгарып, жеңип алды.

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы FIFA рейтингиндеги рекордун жаңылады
4-январда Рафаэль Бенитес отставкага кеткенден кийин, "Реалдын" мурдагы оюнчусу мадрид командасына башкы машыктыруучу болуп келген. Испания чемпионатындагы "Депортиво" менен болгон беттеш (эсеп 5:0) француз үчүн дебют болуп калды. 

Зидан футбол дүйнөсүндөгү мыкты оюнчу, ал Франциянын курама командасы менен Дүйнө чемпионаты-98, Евро-2000 оюндарын утуп, 2006-жылдагы биринчиликте финалга чейин жеткен. Ал эми "Реал Мадриддин" курамында 2002-жылы Чемпиондор лигасын жеңип алган.

Зидан "Реал" оюнчусу катары 2002-жылы дал ушул "Депортивого" каршы беттеште алгачкы кадамын таштап, анда гол киргизип, өзгөчөлөнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0