Кыргызстандык Евгений Ваккер Азия чемпионатына катышуу үчүн Японияга жол алды

© AP Photo/Eugene Hoshiko)Велоспортчулар Азия оюнунда. Архив
Велоспортчулар Азия оюнунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ваккер 48 чакырымдык индивидуалдуу жана 180 чакырымдык топ жарышка катышат. Мелдеш Ошима шаарында өтөт.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандык велоспортчу Евгений Ваккер Азия чемпионатына катышуу үчүн Японияга учуп кеткенин Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча агенттик билдирди.

Маалыматка ылайык, аны машыктыруучу Эркен Акрамов коштоп жүрөт. Азия чемпионаты 17-26-январь күндөрү Ошима шаарында өтөт.

Гул кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Феруза Жамашева, Евгений Ваккер: дагы кайсы инсандар мамлекеттик сыйлык алды
Ваккер 21- январда өтүүчү 48 чакырымдык индивидуалдуу жана 24-январь күнү 180 чакырымдык топ жарышка катышат.

Чемпионатка континенттин алдыңкы мамлекеттеринин спортчулары катышары айтылууда, бирок медалдарга Ваккерден тышкары Иран, Корея, Япония жана Казакстандын спортчулары негизги талапкер катары белгиленип жатат.

Евгений Ваккер Азиянын төрт жолку, "В" тайпасындагы Дүйнө чемпионатынын эки жолку чемпиону болуп, Азия кубогун алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0