Бишкекте Кыргызстандын эркин күрөш боюнча чемпионаты өтөт

© Sputnik / Айша КамиловаКыргыз балбандары. Архив
Кыргыз балбандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркектер арасындагы таймаш январь айынын соңунда сегиз салмактык категорияда Спорт ордосунда өтмөкчү.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Борбор калаада Кыргызстандын эркин күрөш боюнча чемпионаты өтө турганын Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Мелдеш 30-31-январга белгиленген. 

Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтө турган таймашта эркектер сегиз салмактык категорияда күч сынашат.

Чемпионат Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчилиги менен Күрөш федерациясынын колдоосунда өтмөкчү. Бул үчүн мекеменин бюджетинен 110 миң сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0