Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Россиянын чемпионуна уттуруп койду

© пресс-служба ФФКРФутзал боюнча Кыргызстандын курама командасы. Архив
Футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Команда Өзбекстанда өтүүчү Азия чемпионатынын алдында Москвада машыгуу оюндарын өткөрүүдө.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы Россия Суперлигасынын чемпиону "Дина" клубунан жеңилип калды. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.

Россиялык команда машыгуу оюндарда Кыргызстанды 7:1 эсеби менен утуп алды.

Учурда улуттук курама команда Москвада окуу жана машыгуу оюндарын өткөрүп, футзал боюнча Азия чемпионатына даярдык көрүп жатат. Турнир 10-21-февраль күндөрү Ташкентте өтөт. 

Кыргызстандын курама командасы "А" тайпасында Ливан, Сауд Аравия жана Өзбекстан оюнчулары менен беттешмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0