Бүгүн футзал боюнча Азиянын биринчилиги башталып, Кыргызстан Ливан менен беттешет

© пресс-служба ФФФКРКыргызстандын футзал боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн курама командасынын алгачкы оюну жергиликтүү убакыт менен 16:45те болот.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Бүгүн Өзбекстандын борбору Ташкентте футзал боюнча Азия биринчилиги башталат. 

Футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Россиянын чемпионуна уттуруп койду
Кыргызстандык оюнчулар "А" тайпасына түшүп, Өзбекстан, Ливан жана Бириккен Араб Эмирлигинин курама командалары менен беттешет.

Алгачкы оюн Ливан командасына каршы жүрүп, жергиликтүү убакыт менен 16:45те башталат. 

Калган командалар төмөнкү тартипте ойношот:

  • "В" тайпасында Иран, Ирак, Кытай жана Иордания;
  • "С" тайпасында Тайланд, Вьетнам, Кытай Тайбэйи жана Тажикстан;
  • "D" тайпасында Япония, Австралия, Малайзия жана Катар.

Мелдештин беш мыкты командасы 2016-жылы Колумбияда өтө турган Дүйнө биринчилигине барууга жолдомо алат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0