КР футзалчыларынын бүгүнкү атаандашы — өзбек командасы

© flickr.com / UnB AgênciaФутзал оюнчусу. Архив
Футзал оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча Өзбекстан үч упай менен тайпада биринчи болуп келе жатат. Кыргызстан ливандыктар менен тең чыккандан кийин куржунда бир упай бар.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча командасы жума күнү Азия чемпионатынын алкагында өткөрүлүп жаткан турнирде өзбекстандык оюнчулар менен беттешет.

Футал оюну учунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын тайпадагы атаандашы мелдешти ири жеңиш менен баштады
Биринчи турда КР командасы ливандык футзалчылар менен ойноп, беттешүү 4:4 эсеби менен аяктаган. Өзбекстандыктар 5:2 эсеби менен Сауд Аравия командасын жеңди. 

Оюн Бишкек убактысы боюнча 19.45те башталат. 

"А" тайпасында Өзбекстандын командасы үч упай менен алдыда келе жатат. Андан кийинки орунда бирден упайга ээ болгон Кыргызстан менен Ливан турат. Сауд Аравиясынын упай куржуну азырынча бош.

Чемпионат Ташкент шаарында өтүп жатат. 16 команданын ичинен суурулуп чыккан беш команда Колумбияда өтө турган Дүйнө чемпионатына катышууга укук алат.

Кыргызстан командасынын курамы, тайпадагы атаандаштар жана футзалдын тарыхы боюнча Sputnik инфографикаcынан караңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0