Олимпиадада жакшы жыйынтык көрсөткөндөрдү мамлекет кантип сыйлайт?

© AFP / ANDREJ ISAKOVICКыргызстандын курама командасы кышкы олимпиадада. Архив
Кыргызстандын курама командасы кышкы олимпиадада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтын медаль алгандарга жети миллион сом берилсе, эң төмөн делинген сыйлык сегизинчи орунга — 700 миң сом каралган.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган жайкы олимпиада оюндарында жеңишке жеткен спортчуларды сыйлоого канча каражат каралганын Улуттук олимпиадалык комитет кабарлады. 

Премьер-министр Темир Сариев спортчуларды сыйлоо үчүн бюджеттен каражат бөлүү боюнча токтомго кол койду. 

Олимпиадалык байгени багындырган кыргызстандыктар
Ага ылайык, олимпиадалык оюнда биринчиликти багынткандар жети миллион сом алса, экинчи орундагылар беш миллион сом, үчүнчү орунга татыгандар 3,5 миллион сом алышат.

Мындан сырткары төртүнчү (эки миллион сом), бешинчи (бир миллион сом), алтынчы (900 миң сом), жетинчи (800 миң сом) жана сегизинчи (700 миң сом) орунду алгандар да сыйлык алышат. 

Башкы машыктыруучуга жана спортчулардын жеке машыктыруучусуна жеңишке жеткен адамдын 25 пайыздык өлчөмүндөгү сыйлык берилиши каралган. 

Жайкы олимпиадалык оюндар 5-августтан 21-августка чейин Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Ал жакта спорттун 28 түрү боюнча 306 медал ойнотулат. Учурда Кыргызстандан төрт спортчу жолдомо алган. Алар: Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Карабицкая (бардыгы жеңил атлетика), жана ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча Арсен Эралиев. 

Жаңылыктар түрмөгү
0