Кыргызстандык эки балбан Азиянын чемпиону аталышты

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат Кыргызстана по греко-римской борьбе
Чемпионат Кыргызстана по греко-римской борьбе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстандын эсебинде эки алтын, бир күмүш жана эки коло медаль бар.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Каныбек Жолчубеков менен Жанарбек Кенжээв грек-рим күрөшү боюнча Азия биринчилигинде алтын медаль алгандыгы тууралуу аталган мелдештен расмий сайты билдирди. 

Азия биринчилиги Таиланддын Бангкок шаарында 17-февралда башталып, 21-февралга чейин уланат. 

Штанга. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык Эсен Калиев пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогун багындырды
Каныбек Жолчубеков 59 килограмм салмакта, Кенжээв 85 килограмм категориясында күрөшкө чыкты.

Жолчубеков финалдык беттеште ирандык Саманом Морад Абдоулини утуп, алтын медаль тагынды. 

Ал эми Кенжээв өз кезегинде өзбекстандык Музаммадали Шамсиддиновдун үстүнөн жеңишке жетип, биринчи болду. 

Мурдараак кыргызстандык балбандар эки коло, бир күмүш медал утушкан. Учурда Кыргызстандын эсебинде эки алтын, бир күмүш жана эки коло медаль бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0