Гиря боюнча спорт чеберлери арматураны тиштери менен ийишет

© Sputnik / Табылды КадырбековГиря боюнча спортчу машыгуу учурунда. Архив
Гиря боюнча спортчу машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирдин ачылышына карата шумдуктуудай шоу программа даярдалып жатат.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгына караштуу спорттук комплексте гиря спорту боюнча ачык чемпионат өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациянын башкы катчысы Шамиль Яргаев билдирди. 

Көркөмдөп муз тебүү боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык окуучу коло байге утту
Спорттук таймаш 6-мартта өткөрүлөт. Анда бир нече клубдардын спорт чеберлери менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышат. 

Яргаевдин айтымында турнирдин ачылышына карата шумдуктуудай шоу программа даярдалып жатат. Анда, Александр Сапожников арматураны тиши менен ийсе, башка гиря чеберлери мыкты номерлерди тартуулашат. 

Кыргызстанда биринчи ирет гиря боюнча кубогуна мелдеш өткөн жылдын декабрь айында өткөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0