Футзал оюнчусу. Архив

Футзал боюнча Азия чемпионатынын финалында Өзбекстан менен Иран беттешет

48
(жаңыланган 14:20 20.02.2016)
Финалдык беттешке чыгуу ирандыктарга кыйынга турган жок. Ал эми Өзбекстандын курама командасына болгон күчүн сарптоого туура келди.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Ташкент шаарында өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпионатынын финалдык беттешинде Иран менен Өзбекстандын курама командалары күч сынашат.

Жарым финалда өзбекстандык оюнчулар таиланддыктарды араң дегенде ута алышты. Негизги оюн тең чыгуу (2:2) менен аяктады. Пенальтинин жыйынтыгы боюнча Өзбекстандын командасы 3:1 эсебинде жеңип, финалга чыкты. 

Ал эми Иран менен Вьетнам командаларынын жарым финалдык беттешинде ирандыктар атаандашынын дарбазасына 13 гол киргизген. Ал эми вьетнамдыктар бир гана гол киргизе алышты.

Финалдык беттеш 21-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 20.00дө болот. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орун үчүн болгон беттеш ушул эле күнү саат 17.00 Таиланд менен Вьетнамдын ортосунда өтөт.

Финалга жана жарым финалга чыккан командалар 2016-жылы Колумбияда өтө турчу Дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алат. Бешинчи жолдомо Кыргызстандын командасын 3:1 эсебинде уткан Автсралиянын командасына тийди.

48
Белгилер:
чемпионат, футзал, Иран, Өзбекстан
Тема:
Футзал боюнча Азия чемпионаты (22)
Тема боюнча
Кыргызстандык футзалчылар япондорду 6:2 эсебинде утуп алды
Футзал: кыргызстандык эки оюнчу Азия чемпионатында рекорд жарытты
Пикирлер