Аялдар арасындагы күрөш боюнча беттешүү. Архив

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпиону болду

748
(жаңыланган 18:46 20.02.2016)
Кыргызстандын курама командасынын капчыгы дагы бир алтын менен толукталды. Тыныбекова Таиландда өтүп жаткан чемпионатта казакстандык атаандашын көтөрүп чапты.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова аялдар арасындагы күрөш боюнча Азия чемпиону болгонун мелдештин расмий сайты маалымдады.

Эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты ушул тапта Бангкокто (Таиланд) өтүп жатат.

Финалдык мелдеште Тыныбекова 58 килограмм салмакка чейинки категориясында казакстандык балбан Айым Абдилина менен кармашып, 2:1 эсебинде жеңишке жетти. 

Андан сырткары Улугбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча коло байгеге татыды. Ал 57 килограмм салмакка категориясы боюнча күч сынашты.

Буга чейин Кыргызстандын капчыгында эки алтын, бир коло жана эки коло медаль бар болчу.

748
Белгилер:
күрөш, Азия чемпионаты, Айсулуу Тыныбекова, Таиланд
Тема боюнча
Көркөмдөп муз тебүү боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык окуучу коло байге утту
Грек-рим күрөшү боюнча Азия биринчилигинде Кыргызстан командасы 3-орунду ээледи
Пикирлер