БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Дастан Лепшаков бильярд боюнча дүйнө чемпионатында үчүнчү орунду багынтканын www.duplet.com сайты билдирет.
Бильярд боюнча дүйнөлүк биринчиликтин суперфиналы 25-28-февраль күндөрү Россиянын Югорск шаарында өттү.
Дастан Лепшаков чейрек финалда Россиялык Владислав Осьмин менен беттешип, жеңилип калды.
Мелдеште биринчиликти Россиялык Никита Ливада багынтса, Владислав Осьмин экинчи орунду ээлешти. Ал эми үчүнчү сапка кыргызстандык Дастан Лепшаков менен украиналык Артур Пивченко татыктуу болушту.